Жумасына үч жолу учат. Бишкектен БАЭнин Шарджа шаарына авиакаттам ачылды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАвиакомпания Ural Airlines
Авиакомпания Ural Airlines - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Air Arabia авиакомпаниясынын учактары 16-июлдан тарта шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү каттамга чыгат.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Шарджа — Бишкек — Шарджа багыты боюнча авиакаттамдар жандандырылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Каттам жумасына үч жолу шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы. Бул багытта 16-июлдан тарта Air Arabia авиакомпаниясынын учактары ишке киргизилет.
Маалыматта "Манас" эл аралык аэропорту учуулардын географиясын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү максатында авиакомпанияларды тартып, жаңы каттамдарды жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүп жатканы белгиленет.
Жаңылыктар түрмөгү
0