Статком: Кыргызстанда цемент менен кирпич кымбаттады

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСтроительство многоэтажных домов на ипотечной основе в Оше
Строительство многоэтажных домов на ипотечной основе в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Кыргызстанда цементтин баасы бир айда 13 пайызга өстү. Июнь айында 50 килограмм цемент орточо 355,1 сомдон сатылып, ал эми 1000 даана кирпич орто эсеп менен 7 840 сомго бааланган.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир айдын аралыгында цементтин баасы 13 пайызга, кирпич беш пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Статком тарабынан өлкөнүн 18 калктуу конуштарындагы бааларга мониторинг жүргүзүлгөн.
Туш кагаздарды сатуучу дүкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Өлкөдө кайсы курулуш материалы канчага кымбаттады. Тизме
Анда июнь айында 50 килограмм цемент орточо 355,1 сомдон сатылып, май айына салыштырмалуу дээрлик 13 пайызга өскөн. Ал эми 1000 даана кирпич орто эсеп менен 7 840 сомго бааланып, мурунку айга караганда 5 пайызга көтөрүлгөн.
Цементтин эң эле жогорку баасы Кара-Балта шаарында (50 килограммы 400 сом), Чаек айылында (399,9 сом) жана Нарын шаарында (394,9 сом) катталган. Эң арзаны Жалал-Абад, Өзгөн (300 сом) жана Ноокат (320 сом) шаарында сатылууда.
Ал эми эң кымбат кирпичтер Токмок (1000 даанасы 13 228,8 сом), Исфана (12 000 сом) жана Ноокат (10 247 сом) шаарларында сатылат. Арзанын Кара-Суу (2 978,1 сом), Кербен (3 741,7 сом) жана Өзгөн (5 899,2 сом) шаарларынан табууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0