09:48 24 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
185 0 0

Машыгуу "Эдельвейс" полигонунда өттү. Ага Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн тоодо машыгуу бөлүмдөрүнүн инструкторлору катышкан.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда аскерлердин тоо шартында машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Машыгуу сборуна Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн тоодо машыгуу бөлүмдөрүнүн инструкторлору тартылды.

  • На полигоне Эдельвейс в Иссык-Кульской области завершилась активная фаза сборов военнослужащих по горной подготовке
    Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда аскерлердин тоо шартында машыгуусу аяктады.
    © Фото / пресс-служба Минобороны КР

    Машыгуу учурунда аскер кызматкерлери түйүндөрдү чечүү, коопсуздук системасын пайдалануу, таштардан, аскалуу жерлерде жүрүүгө үйрөнүү боюнча тапшырмаларды аткарышты.
    © Фото / пресс-служба Минобороны КР
  • На полигоне Эдельвейс в Иссык-Кульской области завершилась активная фаза сборов военнослужащих по горной подготовке
    Ошондой эле жаракат алгандарга дарыгерлерге чейинки медициналык жардам көрсөтүү жана аларды жеткирүү жолдорун үйрөнүштү.
    © Фото / пресс-служба Минобороны КР
  • На полигоне Эдельвейс в Иссык-Кульской области завершилась активная фаза сборов военнослужащих по горной подготовке
    Мындан сырткары, тоо шартында чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү маселелери иштелди.
    © Фото / пресс-служба Минобороны КР
1 / 5
© Фото / пресс-служба Минобороны КР
Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда аскерлердин тоо шартында машыгуусу аяктады.
"Тоолуу рельефт жана өзгөчөлүктөр эске алынып бир катар максаттар коюлган. Анын катарында тоо шартындагы тоскоолдуктарды жеңүү үчүн билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү өркүндөтүү, инструкторлорду аскерлерди тоо шартында даярданууга үйрөтүү боюнча чеберчилигин жогорулатуу, алган билимдерин практикада колдонуу тапшырмалары аткарылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Машыгуу учурунда аскер кызматкерлери түйүндөрдү чечүү, коопсуздук системасын пайдалануу, таштардан, аскалуу жерлерде жүрүүгө үйрөнүү боюнча тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле жаракат алгандарга дарыгерлерге чейинки медициналык жардам көрсөтүү жана аларды жеткирүү жолдорун үйрөнүштү. Мындан сырткары, тоо шартында чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү маселелери иштелди. Чалгындоо аймагында издөө иштерин жүргүзүү, буктурма уюштуруу аракеттери көрсөтүлдү.

Тема боюнча

Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу
Белгилер:
Коргоо министрлиги, Аскер, тоо, машыгуу, полигон

ЭҢ МААНИЛҮҮ