Коронавируска каршы вакцина алчулар үчүн маанилүү 8 суроого жооп

© Sputnik / Медиабанкка өтүүСтарт вакцинации от коронавируса в Казахстане
Старт вакцинации от коронавируса в Казахстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Кыргызстанда 6 миллиондон ашык элдин ичинен болгону 120 миңден көбү гана коронавируска каршы вакцина алды. Көпчүлүгү анын терс таасири тийип калбайбы деп чочулоодо.
Sputnik Кыргызстан агенттиги тиешелүү адистерге кайрылып, ДССУ, Роспотребнадзордун сайттарын карап эмдөө тууралуу пайдалуу жана керектүү суроолорго жооп издеди. Суроолордун айрымдарына Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова жооп берди.

Вакцина кимдерге, кайсы учурда сайылбайт?

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө вакцинанын курамындагы кайсы бир компонентке аллергиясы барларга, дары-дармекке аллергия болгондорго, кош бойлууларга, бала эмизип жаткандарга жана 18 жашка чейинкилерге сунушталбайт. Мындан сырткары, гормоналдык дарылануудан өтүп жаткандар да дарыгердин уруксаты менен гана эмделиши керек. Алсак, рак илдетине кабылгандардын айрымдарына онколог гормоналдык дары-дармекти жазып берет. Бул учурда вакцина онкологдун уруксаты менен гана сайылат. Гемодиализ алып жаткандарга да эмдөө дарыгердин уруксаты менен гана жасалат.
Бишкекте COVID-19га каршы эмдөө учурунда аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Кыргызстанда убактылуу 868 эмдөө пункту ачылат
Мындан сырткары, адамдын дене табы көтөрүлүп же сасык тумоонун кандайдыр бир белгиси байкалган учурда, коронавирус менен ооруган адам менен жакындан байланышта болгон адамга да убактылуу сайылбайт.
Вакцина алар алдында медициналык жайдын кызматкери эмделчү адамдын дене табын, сатурациясын бир сыйра ченейт. Андан кийин атайын анкета толтуртат. Эгер вакцина алам деп кайрылган адамдын жооптору талапка дал келсе анда эмделет.
Буга чейин Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург "Спутник V" вакцинасын бөрү жатыш, конъюнктивит менен жабыркагандар, ошондой эле кайсы бир илдет курчуп турган учурунда препаратты сайдырбай туруу керектигин айткан.

Кош бойлуу мезгилде билбей вакцина алып алса эч нерсе болбойбу?

Негизи албаш керек. Бирок кокустан сайдырып алса, анда гинекологго көрүнүп, УЗИ, доплер сыяктуу аппараттарга түшүп, дарыгер менен кеңешүү сунушталат.

Коронавируска каршы вакцина балалуу болууга терс таасирин тийгизбейби?

Кыргызстандын адистери бул суроого так жооп беришкен жок, ал тууралуу маалыматы жок экенин билдиришти. Роспотребнадзордун сайтында жазылгандай, Россияда өндүрүлгөн вакциналар тукумга кандай таасир этери боюнча бардык сыноодон өтүп, алгач жаныбарларга жасалып көргөн. Анда терс таасири байкалган эмес. Буга чейин россиялык вирусологдор "Спутник V" адамдын генине таасир тийгизбей турганын билдирип, анын курамындагы аденовирустар адамдын организминде көбөйө албасын белгилешкен
© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүКыргызстанда коронавируска каршы эмдөө
Старт вакцинации российской вакциной Спутник V от коронавируса в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө

Вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин коронавирус жуктуруп алса эмне болот?

Медайым COVID-19 каршы эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Эмдөөдөн кийин антитело калыптанбаса эмне болот. Адистин пикири

Ишенапысованын айтымында, адатта иммунитет вакцинанын экинчи дозасын алгандан бир жумадан кийин иштелип чыгат. Вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин коронавирус жуктуруп алган учурлар катталууда, бирок дарт жеңил формада өткөнү белгиленди.

Инкубациялык мезгилде оору жуктуруп албаш үчүн вакцина алган адам көпчүлүк менен аралашуудан этиятташы керек. Башкалар сыяктуу бет кап тагынып, аралыкты сактаганы дурус. Анткени вакцина алган адамга коронавирус кайра жукпайт деген кепилдик жок. Болгону эмделген адам кокус оору жуктуруп алса, дартты жеңил көтөрөт.

Вакцина алгандан кийин эмне кылбаш керек?

Коронавируска вакцина алгандан кийин айрымдарда сасык тумоонуку сыяктуу белгилери байкалышы ыктымал. Алсак, денеси оорлошуп, ичи өтүп, башы ооруп, дене табы көтөрүлүп, булчуңдары ооруйт. Бирок бул процесс көпкө созулбайт.
Коронавируска каршы вакцина алган адам үч күнгө чейин жуунбай коё турганы оң. Ошондой эле үч күнгө чейин спирт ичимдигин ичпей, денесине күч келтирбей, оор жумуштарды жасабай, оор көтөрбөй турушу керек.

Вакцинаны каалаган жерде алса болобу?

Ооба. Вакцина алуу үчүн жашаган жеринен документ суралбайт. Маселен, айылдан шаарга көп убакытка келип калгандар болсо вакцинаны Бишкектен алса болот. Мындан сырткары, ар бир аймакта эмдөө пунктулары ачылган. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовСтарт вакцинации против коронавируса в Кыргызстане
Старт вакцинации против коронавируса в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Старт вакцинации против коронавируса в Кыргызстане

Вакцина алуу үчүн кандай документ керек?

Вакцина алууну каалагандардын жанында өздүгүн тастыктаган документ, паспорту болушу зарыл. Эгер паспорту жок болсо, жеке персоналдык номерин (ИНН) айтса болот.

Вакцинаны кайдан алса болот? Бишкектеги даректер

Ушу тапта Россиянын "Спутник V" вакцинасы мурдагыдай айрым бир топко гана эмес каалоочулардын баарына сайылууда.
Шаардыктар "Спутник V" вакцинасын төмөнкү даректерден ала алышат:
  • Октябрь райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 57-09-15, 0 (703) 29-37-93;
  • Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 32-55-71, 0 (550) 70-10-02;
  • Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №7 үй-бүлөлүк борбору — 62 09 62; 0550 151 528;
  • Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №8 үй-бүлөлүк борбору — 63 51 22, 0505 286 670;
  • Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №2 үй-бүлөлүк борбору — 64 45 57, 0505 111 330.
Мындан сырткары, Бишкектин аймагында жарандарга Sinopharm вакцинасынын экинчи дозасы сайылууда. Даректери:
  • Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №14, 16 үй-бүлөлүк борбору;
  • Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун № 4, 9 үй-бүлөлүк борбору;
  • Октябрь райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун № 15, 19 үй-бүлөлүк борбору;
  • Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун № 12, 17 үй-бүлөлүк борбору;
  • Курулушчулардын бейтапканасы;
  • Калыс-Ордо конушундагы дарылоо амбулаториясы;
  • Учкун, Бакай-Ата конуштарындагы дарылоо амбулаториясы;
  • Кара-Жыгач конушундагы дарылоо амбулаториясы;
  • Ак-Бата конушундагы дарылоо амбулаториясы;
  • Ак-Босого конушундагы дарылоо амбулаториясы;
  • Тунгуч кичи районундагы дарылоо амбулаториясы;
  • Темир жол ооруканасынын бейтапканасы.
Вакцинага байланыштуу суроолор боюнча 31-32-97, 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлерине кайрылууга болот.
Белгилей кетсек, аптанын аягында өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасынын келиши күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0