"Спутник V" вакцинасынын майнаптуулугу жөнүндө Nature жазды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМедайым "Спутник V" вакцинасы менен. Архив
Медайым Спутник V вакцинасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
COVID-19га каршы турган препарат катары дүйнөдө биринчилерден болуп катталган "Спутник V" вакцинасын дүйнөнүн арбын бөлүгү колдонууда.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Россия чыгарган "Спутник V" вакцинасын дүйнөнүн дээрлик 70 пайызы колдонуп жатканы менен кыйыр таасир боюнча талаш-тартыштан улам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) колдоосун ала элек. Бул тууралуу РИА Новости Nature журналындагы материалга таянып жазган.
Макаланын автору "Спутник V" COVID-19га каршы турган препарат катары дүйнөдө биринчилерден болуп катталгандыгын жана ондогон мамлекеттерде жактырылгандыгын айтып келип, дүйнөгө таралышы үчүн ДССУнун уруксаты керек экенин эске салат. Чет өлкөлүк бир топ эпидемиологдор каттоонун тез болуп кеткендигин сынга алган.
Бир топ шектенүүлөр The Lancet журналындагы "Спутник V" коронавирустун алдын алууда 91,6 пайыз майнаптуу жана COVID-19дун оор өтүшүн 100 пайыз жеңилдетет деген макаладан кийин жок болду. Кийинчерээк Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору 2021-жылдын апрель айында вакцинанын эки дозасын сайгандан кийинки натыйжасы 97,6 пайызды түзгөндүгү тууралуу маалыматтарды жарыялады.
COVID-19 каршы Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Москвада "Спутник V" вакцинасы өспүрүмдөр үчүн сынала баштады
Чет өлкөлүк окумуштуулардын сын-пикирлерине карабай, Түштүк Корея, Аргентина, Венгрия жана Индия препаратты колдошту, ал эми Бириккен Араб Эмирлигинде анын натыйжасын 97,8 пайыз деп баалашты.
Макалада "Спутник V" препаратынын курамында башка AstraZeneca менен Johnson & Johnson вакциналарынан айырмаланып, бир эмес, эки аденовирус бар экендиги айтылган. Бул препараттын коргой турган касиетин арттырары айтылган. Россиялык вакцинаны сайгандан кийин башка препараттарга салыштырып айтканда, бир дагы өлкөдө тромбоз пайда болгон учурлар кездешкен эмес. Маселен, Аргентина, Бразилия жана Сан-Маринодон эмдөөнүн оор кесепети болду деген маалымат айтылган жок.
Автор "Спутник V" вакцинасын Россияда жана чет өлкөдө андан ары изилдөө анын коопсуздугу жана майнаптуулугу боюнча маалыматты дагы так, даана кылып көрсөтүп берет деп макаласын жыйынтыктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0