Депутат Нурбаев: Эрдоган биздин жетекчиликти "кидать" этти, ушуну эске алгыла

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Абдывахап Нурбаев
Депутат ЖК Абдывахап Нурбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Бүгүн депутаттар Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанды теңине албастыгын дүйнөгө жар салды деп сыпаттады.
Эл өкүлү кыргыз бийлиги Орхан Инандыны өткөрүп берүү боюнча Түркиянын жетекчилиги менен макулдашып алышы мүмкүн деген божомолун айтты.
"Өкмөттүн өкүлүнө жана башкасына бир нерсе айтып кетким келет. Мүмкүн Эрдоган менен сүйлөшөбүз деп берген болсо, ал биздин жетекчиликти "кидать" этти. Дүйнөгө жар салып бизди уят кылды, эгемендүүлүккө шек келтирди. "Кыргызстан бизге эмне болуп калыптыр" деп дүйнөгө мактанды. Ушуну эске алгыла", — деди Нурбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары "Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.
Жаңылыктар түрмөгү
0