Майыптарды жогорку окуу жайларга кабыл алуудагы босого балл төмөндөтүлдү

© Photo / Pexels / SHVETS productionСоцвыплаты лицам с ОВЗ
Соцвыплаты лицам с ОВЗ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Мындай кадам мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жогорку билим алууга мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү көздөйт. Жеңилдик медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден башкасына каралган.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги I жана II топтогу майыптарды өлкөнүн жогорку окуу жайларына кабыл алуудагы босого баллды төмөндөттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Спектакль Проделки Скапена по пьесе Мольера - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Москвадагы Щепкин атындагы окуу жай 25 актёрду окутуп берүүгө даяр
Бул кадам Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын, Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын жана программасынын ченемдерин ишке ашыруу, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында жасалган.
"Ошентип гранттык орундарга босого балл негизги тест боюнча 100 балл, акы төлөп окутуунун бардык формаларына босого балл негизги тест боюнча 95 деп белгиленди", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин босого балл бюджеттик бөлүмдө 110, контракт менен билим алгандар үчүн 105 болчу.
Белгилей кетсек, азыркы билим берүү системасы инсандын жекече билим алуу муктаждыктарына дал келүүсүнө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутууга бирдей шарттарды камтыган инклюзияны өнүктүрүүгө багытталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0