Биз да Түркиядан бирөөнү уурдайлы. Депутат Инандыны алмашуу жолун сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Марлен Маматалиев
Депутат Жогорку Кенеша Марлен Маматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
ИИМ башчысы учурда Түркиянын 10дон ашуун жараны Кыргызстандын абактарында отурганын айтып, "алар менен алмашса болорун" билдирди.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркиянын бир жараны менен алмашууну сунуштады.
Эл өкүлү Инандыны кайтарып келүү канчалык реалдуу экенин сурады.
Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев түрк элчиси аны Түркиянын жараны катары кабылдап жатканын, бирок расмий түрдө жооп бере электигин билдирди.
"Кыргызстанда кылмыш кылып абакта отурган Түркиянын жарандары менен Орхан Инандыны алмашуу маселесин көтөрүш керек. Башка вариант жок да, туурабы? Болбосо кинолордон көргөндөй биз дагы Түркиядан бирөөнү уурдап келип анан алмаштырышыбыз керек. Менин жеке пикиримде, ал кайсы улуттан болбосун өз жараныбызды коргошубуз керек", — деди Маматалиев.
Ал эми ички иштер министри Уланбек Ниязбеков учурда Түркиянын 10дон ашуун жараны Кыргызстандын абактарында отурганын айтып, "алар менен алмашса болот" деген пикирин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0