19:47 19 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12810

Жети миллион долларга нур тездеткич эки-комплекс, томография жасай турган компьютер жана дагы башка зарыл жабдуулар алынган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн, 7-июлдан тарта, Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордо нур тездеткич аппараттар ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын ишке киришине арналган салтанатка министр Алымкадыр Бейшеналиев менен аталган борбордун кызматкерлери катышты.

Наркы кымбат бул медициналык жабдууларды "Кумтөр Голд Компани" бөлгөн каражатка сатып алышкан. Жети миллион долларга нур тездеткич эки-комплекс, томография жасай турган компьютер жана дагы башка зарыл аппараттар алынган.

"Бул мамлекеттин эң көп суммада биринчи ирет сатып алган медициналык жабдуусу болду. Биздин максат — Кыргызстандын элине онкологиялык оорулардан дарылоонун сапатын көтөрүү жана жеткиликтүү кылуу. Бул дартты жана анын кесепетинен болгон өлүмдү азайтуу. Нур тездеткичтердин жардамы менен онкологиялык бейтаптарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты жакшырат", — деген министр Бейшеналиев.

Өлкөдөгү жаман кеселден жапа чеккендерге нур тездеткич — бардык ткань жана органдарда пайда болгон арты кайырсыз шишиктерди дарылоодо колдонулчу радио-нур аппаратынын зарылдыгы бар. Жабдуу шишикке жогорку кубаттуулуктагы рентген нурларын жеткирүүнү камсыздайт, мында нур шишикти гана жабыркатып, айланасындагы таза ткандарга зыян тийгизбейт.

Тема боюнча

Дарыгер ракты чакыра турган ооруларды атады
Көптөн күткөн аппарат алып келинди! Онкология борборундагы жаңы жабдуу
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, Улуттук онкологиялык борбор, нур, линиялык тездеткич

ЭҢ МААНИЛҮҮ