Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Федералдык агенттиктин медалы менен сыйланды

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина. Архив
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Елена Череменина менен катар эле анын башка чет мамлекеттерде эмгектенген кесиптештери да аталган медалга татыган.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина КМШ иштери, чет өлкөдө жашаган мекендештер жана РФтин эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча Федералдык агенттигинин (Россотрудничество) "Тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн" медалы менен сыйланды.
Череменина менен катар эле анын башка кесиптештери да сыйлыкка татыган.
Борбор калаада Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Турецкий хору менен SOPRANO арт-тобунун Жеңиш ырларынан түзүлгөн концерти болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Бишкекте "Жеңиш ырлары" SOPRANO, "Турецкий хорунун" аткаруусунда жаңырды
Алар "Sputnik Өзбекстан" долбоорунун шеф-редактору Дмитрий Ключевский жана Чет тилдердеги берүүлөрдүн бириккен дирекциясынын башка тилдегилер менен иштөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Менсеф Матни.
Медаль Россотрудничество менен тыгыз кызматташып, орус тилин, маданиятын жайылтып, мекендештерди колдоо боюнча маанилүү долбоорлорду алып баргандарга жана ушул өңүттө эмгектерди жасагандарга ыйгарылат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0