Ууланасың! Адис вакцина алган адам ичимдик ичип алса эмне болорун айтты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПитейные заведения Москвы
Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, вакцина алгандан кийин антитело пайда боло баштайт. Бул учурда организм өзгөчө сезимтал болуп, зыяндуу нерселерди өтө оор кабыл алат.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Иммунолог жана аллерголог Владимир Болибок коронавируска каршы вакцина алгандан кийин спирт ичимдиктеринен эмне үчүн оолак болуп туруу керектигин түшүндүрдү. Дарыгердин пикирин "Российская газета" басылмасы жазды.
Адистин айтымында, вакцина алгандан кийин антитело пайда боло баштайт. Бул учурда организм өзгөчө сезимтал болуп, зыяндуу нерселерди өтө оор кабыл алат.
"Ичимдик аз өлчөмдө дагы ууланууга алып келиши мүмкүн. Боор менен уйку без жабыркайт. Ошондой эле эмдөөдөн кийин бир нече күн бою мончого түшүп же чыйрыгып калбоо керек. Стресстик абалдан дагы адам өзүн оолак кармаганы жакшы", — деди Болибок.
Сөзүнүн аягында дарыгер вакцина адамдын спирт ичимдиктерин ичкенине карабай иштей берерин, бирок препарат менен ичимдиктин "кездешпей" эле койгону туура экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0