Элчилик: россиялык ЖОЖ кыргызстандык абитуриенттерге бюджеттик 20 орун бөлдү
20:22 05.07.2021 (Жаңыртылды: 22:31 16.12.2021)
© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүУральская государственная академия ветеринарной медицины
© Sputnik / Александр Кондратюк
/ Жазылуу
I курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнүп берилери айтылган. Документтер 20-июлдан тарта кабыл алынып, окуу сентябрь айында башталат.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россиядагы жогорку окуу жайлардын бири кыргызстандыктар үчүн бюджеттик негизде билим алууну сунуштайт. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
"Усурийск шаарындагы "Приморье мамлекеттик айыл чарба академиясы" (ПМАЧА) жогорку билим берүү Федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесине КР жарандарын, анын ичинде РФ аймагында жашаган (эгер миграциялык картасында "Окуу" деп көрсөтүлсө) жарандарды окутуунун күндүзгү формасына чакырат", — деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.
2021-2022-окуу жылына карата кыргызстандык талапкерлер үчүн "Приморье мамлекеттик айыл чарба академиясына" топтоо түзүмүндө төмөнкү багыттар боюнча күндүзгү окууга 20 бюджеттик орун бөлүнгөн.
Алар төмөнкү адистиктер боюнча:
- Агроинженерия;
- Агрономия;
- Агрохимия жана агроөсүмдүктөр;
- Ветеринардык-санитардык экспертиза;
- Зоотехния;
- Токой чарбасы;
- Өндүрүш технологиясы жана айыл чарба продукциясын иштетүү.
Кабыл алуу эрежелерине ылайык, чет өлкөлүк уюмда билим алгандыгы жөнүндө күбөлүк алган абитуриенттер Академияга кирүү экзамендеринин жыйынтыгы боюнча кире алышат. Документтер Академиянын сайты аркылуу "Абитуриент" бөлүгүндө дистанциондук түрдө электрондук жол менен тапшырылат.
Кирүү тесттери ПМАЧАнын электрондук маалымат тутумун колдонуу менен аралыктан жүргүзүлөт. Документтер 2021-жылдын 20-июлуна чейин кабыл алынса, кирүү сынактары – 29-июлдан башталат. Окуу 2021-жылдын 1-сентябрында башталмакчы.
Маалыматта бардык чет өлкөлүк студенттер жатакана менен камсыз болушары (койка - орун баасы айына 800 рублдан) жана I курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнүп берилери айтылган.