Коронавирус менен симптомсуз ооругандар кантип аныкталууда? Адистин жообу

© AFP / STR / China OUTСитуация в Китае на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Китае на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Мэрия коронавирус жуктургандар боюнча статистиканы симптому менен жана симптомсуз ооруп жаткандар деп экиге бөлүп берет. Өткөн суткада Бишкекте 924 адамдан коронавирус аныкталса, анын 76сы симптомсуз экени айтылган.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Диляра Искакова коронавирус менен симптомсуз ооругандар кантип аныкталып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине түшүндүрүп берди.
COVID-19га каршы эмдөө учурунда медициналык кызматкер бейтап менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Кыргызстанда жалпы 121 601 киши коронавируска каршы эмделди
Симптому жоктордон медиктер коронавирусту кантип аныктап жатканын билүү үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги тиешелүү адистерге кайрылган.
"Коронавирус аныкталган адамдар менен байланышта болгондордон, маселен, жолдошу, балдары же жакындарынан да анализ алынат. Бул учурда айрымдарында оорунун эч кандай белгилери жок, бирок ПЦР-тести оң жыйынтык көрсөтүп жатат. Булар симптомсуз ооругандарга кирет. Мындан сырткары, коронавирус менен симптомсуз ооругандар чет өлкөгө кетчүлөр арасынан аныкталууда. Аларда дарттын эч кандай белгилери (жыт, даам сезбей калуу, жөтөл, дене тап көтөрүлүү) жок, бирок тест тапшырса эле COVID чыгууда", — деди Искакова.
Белгилей кетсек, коронавирус жуктургандар ордо калаада көп катталууда. Алсак, өткөн суткада жалпы өлкө боюнча 1 437 кишиден дарт табылган
Жаңылыктар түрмөгү
0