Пульмонолог COVID менен натыйжалуу күрөшүү үчүн мэрияга бир нече сунуш киргизди

© Sputnik / Асель СыдыковаПрофессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев
Профессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Бишкекте өткөн суткада эле 924 адамдан коронавирус табылган. Анын ичинен 76сында оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес. Оору жуктургандардын 111и стационарга жаткырылган.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясында коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйыны өтүп, ага эксперт-консультант катары пульмонолог Талантбек Сооронбаев жана үй-бүлөлүк медициналык борборлордун жетекчилери чакырылды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жыйында пульмонолог ордо калаада эпидемиологиялык кырдаал кыйындап жаткандыктан бир катар сунуштарын айтты.
"Дарыгер оор учурлар боюнча консилиум өткөрүп туруу үчүн ар бир медициналык жайда мультидисциплинардык команда түзүлүшү керектигин сунуштады. Ошондой эле ооруну натыйжалуу дарылоо үчүн сөзсүз кандагы газга анализ жасоо зарылдыгына токтолду. Кандагы газ организм кычкылтекке канчалык каныккандыгын көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкекте өткөн суткада эле 924 адамдан коронавирус табылган. Анын ичинен 76сында оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес. Оору жуктургандардын 111и стационарга жаткырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0