Кыргызстанда жалпы 121 601 киши коронавируска каршы эмделди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүCOVID-19га каршы эмдөө учурунда медициналык кызматкер бейтап менен
COVID-19га каршы эмдөө учурунда медициналык кызматкер бейтап менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Коронавируска каршы вакцина алгандардын көбү Бишкек шаарында. Андан кийинки орунда Чүй облусу менен Ош облусу турат.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы Кыргызстанда жалпысынан канча киши коронавируска каршы эмделгенин айтты.
5-июль саат 8:00гө карата өлкөдө 121 601 киши коронавируска каршы вакцина алды. Анын ичинен 81 174 адам вакцинанын экинчи дозасын сайдырган.
Облустар боюнча:
  • Бишкек шаары — 39 131;
  • Ош шаары — 9 019;
  • Чүй — 21 640;
  • Ош — 13 504;
  • Ысык-Көл — 10 877;
  • Талас — 4 539;
  • Нарын — 4 718;
  • Жалал-Абад — 13 269;
  • Баткен — 4 904.
Белгилей кетсек, өткөн суткада Кыргызстанда 1 437 бейтаптан коронавирус табылып, 9 бейтап каза тапты.
Жаңылыктар түрмөгү
0