Кемел Ашыралиев: кыргыздар жигиттин ким экенин ат жабдыгынан билген

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЛегендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев
Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев дүйнөдөгү күлүктөр үч гана асыл тукумдуу жылкыдан тарагандыгын белгилейт.
Sputnik Кыргызстан агенттигине күлүк таптоо, жоргонун табияты жана жылкы баласынын асылдыгы тууралуу коомдук ишмер Кемел Ашыралиев маек куруп берди.
— "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесинде аттарды таптоодо өтө чоң роль ойногонуңузду билебиз. Күлүк таптоо менен алектенгениңизге канча убакыт болду?
— Мен Нарында, тоолуу райондо төрөлгөм. Ал кезде айылдагылар жылкысыз оокат кылчу эмес. Эки ат кошулган ат араба, кыштын күнү чийне чегип жүрүшчү. Жайлоо, кыштоого көчүп-конуп жүрүп атсыз жашоо болчу эмес. Менин атам колхоздун мал чарбасынын башчысы, башкармасы, сельсовет болгон киши. Жайы-кышы үйдө ат кармачу. Ошентип кичинемден эле ат менен алек болдум. Атам келгенде аттын ноктосун алам, каңтарып байлайм, сугарам. Кыскасын айтканда, бала кезимден эле аттын сырын билип чоңойдум. Ат тердеп келгенде кандай кылып жабуу керек, жабуусун ачып, кандайча тушоо керектигин үйрөндүм. Азыркы балдар атты тушоо, аркандоо деген эмне экенин билбейт. Аттар тушалбай калды. Желдик, нокто, чылбыр, чаболоң, ичмек, көмөлдүрүк, куюшкан, көрпөчө бастыргычтын баары бири-бирине ширелип токулат. Азыр бул жагы көп каралбайт. Мурда жигиттин ким экендигин атынан, камчысынан, ат жабдыгынан билишкен. Бул жигиттин жашоодогу статусунан, социалдык абалынан кабар берген. Ат токулгасында куюшканы кыйшайып турса "аа, куюшканы кыйшайып калыптыр, кызык жигит экен. Ушуну да тең байлай албаптыр" деп сынашчу. Мунун баары кичинемден кулагыма кыттай уюп калган. Ат тердеп келсе да убагы менен отко коюлат, таң ашырганда убакыт-саатка каралат. Кийин кызматта жүргөндө аттан алыстай түштүм.
© Фото / из личного архива Кемеля АширалиеваЛегендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев
Легендарный депутат, общественный деятель, путешественник Кемел Аширалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев
— Жылкы баласынын сырын мыкты билесиз, түрүнө токтоло кетсеңиз...
— Негизи дүйнө жүзүндө күлүктөрдүн үч эле породасы бар. Алар түркмөндөрдүн ахалтекини, англиялыктардын таза кандуу жылкысы жана арабдардын аргымактары. Калган мыкты чуркаган күлүктөр ошолорго аргындаштырылып алынган. Мисалы, Орлов деген көпөс араб аргымагы менен англиялыктардын таза кандуу жылкысын аргындаштырып жүрүп отуруп "орловский рысак" породасын чыгарган, бул жоргонун бир түрү, желип жүрөт. Кыргыздардын чаап жаткан аттары да ошол асыл тукумдар менен аргындаштыруудан келген. Кыскасын айтканда, дүйнө жүзүндөгү 200гө жакын асыл тукумдуу жылкынын ар биринин өзгөчөлүгү бар. Ошонун ичинен Германиядагы тракененск жылкысы (тракененская лошадь) бийиктиктен мыкты секирет. Карабайыр аттары тоодо жүрүүгө ылайыктуу. "Латинский тяжеловес" породасындагы жылкылар менен "французский тяжеловес" аттары оор жүктөрдү ташыганга жарайт. Ахалтекиндин бир омурткасы ашыгыраак болуп мойну койкоюп турат. Бирок жеңил болгону менен алыска чуркай албайт. Араб аргымактары кумда чуркап көнгөн. Булардын бакайы (аттын бутундагы чачысы менен туягынын ортосундагы аралык — К.Ашыралиев) кыска болот да, алыска чарчабай чуркай берет. Ал эми англичандардын аргымактарынын буттары узун жана назик келип, кыска аралыкка өтө тез чуркашат. Алар ашып кетсе үч чакырымга чейин чабылат. Дүйнө жүзүндө күлүктөрдү эң узакка чапкан кыргыздар менен казактар эле. Аламан байге деп 40 чакырымга чейин чапкан учурлар болгон. Биз азыр 25 чакырымга чейин чаап жүрөбүз. Саяпкер күлүктү көргөндө эле "ии, мындай жөндөмү бар экен. Муну мынча аралыкка чабыш керек" деп дароо билет. Кыргыздар мурда атты тер алат деп туяктарына чейин аябай жаап, тамчылата тер алдырып түнүчүндө аса байлап өтө катаал таптаган (аса байлоо — атты өйдө көктү каратып туруп, кыска жип менен байлап коюу — ред.). Бирок бул кийинчерээк калып келе жатат. Анткени аттар да адам баласындай ээн эс алышы керек. Эгерде ошентип асып койсоң, төрт бутуна күч келип, эртеси бир аз кыйналып калат. Дагы бир жаман адатыбыз, эртең чабылат деген атты уктатпаш керек деп таң атканча жетелеп чыгабыз. Ата-бабалар эмне үчүн антип таптаганы табышмак. Бирок биологиялык жана зоотехникалык жактан бул туура эмес. Тескерисинче, эртең чабыла турган атты эс алдыруу керек.
— Ат таптаганда тоюттандыруу маселеси да бар эмеспи? Жем-чөбүн чен-өлчөмү менен беришчү эле...
— Жемди сапатына жараша өлчөп бересиң. Каалагандай бере берүүгө болбойт. Эң мыкты саяпкер атты бир күнү кечке бастырып, эртеси адыраңдатып чаап, кээ бир жерлерде катуу коё берип аттын акыбалына жараша таптайт. Кыргыздар атты семиз эмес, кичине арыгыраак чапкан. Семиз болсо этин көтөрө албай өлүп калат. Биздин тоодо жүргөн аттар алыска жүрө берет, бирок берки асыл тукумдардай кенен арыш жайып чуркай албайт. Кыргыздын аттарын тоого, мал бакканга, кийикке минсе жакшы, себеби тоо-ташта тайгаланбайт.
— Ат чабышта күлүк озуп келиши үчүн саяпкерден тышкары чабандестин да ролу чоң болсо керек...
Манас эпосунун 1000 жылдык маараке. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Ашхабаддан Таласка чейинки ат чабыш. Кемел Ашыралиевдин тарыхый окуя тууралуу маеги
— Негизи эле күлүктүн чыгышына бир нече фактор себепкер болот. Биринчиси — энеси да, атасы да күлүк болушу керек. Экинчиден, саяпкерге жараша болот. Начар саяпкер чыга турган аргымакты да чыгара албайт. Үчүнчүдөн, чаба турган балага байланыштуу. Кээ бир балдар дароо эле аттын оозун коё берип таштайт. Мында алгач, ат учкан бойдон алдыга кетет, ченеп чаппай акыр жагында энтигип калат. Муну кыргыздар "кудай урган бала, үзө чаап таштады" деп коёт. Бизде маданияттуу бир ипподром жок, барсаң укмуштуудай чаң. Бийликтин деле ат менен иши жок, өздөрү басып барышпайт. Негизи атты чапканда, күлүктөрдүн артында чуркатып туруп алса башка аттардан ыргыган даңкан (аттардын туягына жабышкан таш, кум — ред.) арттагы аттын көзүнө кирип, бети-башына тийип жүдөтөт. Анан бат эле өпкөсүнө чаң толуп, бир айлангандан кийин эле чуркай албай калат. Кээде чапкан бала атты ала качтырып жибериши ыктымал. Анан төртүнчү фактор ошол чапкан жерине байланыштуу. Кээде жол аябай баткак болот. Ипподромдо айлампаны өтө кенен алып алса же талаада чабылса ой-чуңкурга атты кептеп алышы мүмкүн. Кыскасын айтканда, күлүктүн чыгышы — аттын тегине, саяпкердин деңгээлине жана чабандестин тыңдыгына жараша болот.
— Таза кандуу жылкылар менен аргындашкан күлүктөрдү кантип айырмалайбыз?
— Аргындашкан күлүк билинип калат. Саяпкерлер карап туруп эле аныктама берип коюшат. Мыкты чуркаган жогорудагы асыл тукумдуу үч күлүктү аргындаштырып жүрүшөт.
— Кыргыздарда негизинен жапалдаш бойлуу, буттары кыска, тоого чыгууга ыңгайлуу монгол тибиндеги аттар болот эмеспи. Бирок күлүккө чаба турган кыргыз аттары да бар. Ат чабышта айырмачылыктар болобу?
Олимпиада-80дин фрунзелик чемпиону Александр Блинов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2020
Ысык-Көл көзүмөн учту! Олимпиада-80 чемпиону менен ачык маек
— Сөзсүз айырма болот. Мен Монголияда көп болдум. Алар жашына жараша эки жаш, үч жаш деп өзүнчө чабат. Беш жаштан ашкандар жогорку жаштар деп чабылат. Буларда ээн талаада аттарды коё берип эки жагынан машина менен тосуп, ээрчишип жүрүп отурушат. Анткени Монголияда тоо жок, түптүз талаа, суусу жок, чөбү жаан менен гана өсө турган кумайы жер. Монголдордо кыздар да ат чабат. Бир жолу беш-алты жаштардагы кыз ат чапты. Айырмач ээрге отургузуп, эки бутун ыргып кетпесин деп басмайылга байлап коюптур. Алардын аттары да биздикиндей зуулдап кетпейт, акырын чаап отуруп 20-30 чакырымга чуркап келет.
Кыргыздарда түнөтүп чаптыргандар да болгон. Меркеден Кеминге чейин 180 чакырымга чабышкан. Биздин аттар тоолордо мышыктай басат. Буттары кыска болгондуктан кыштын күнү үшүбөйт, ачкалыкты да аябай көтөрөт, дулдул. Таза кандуу аттарды Нарынга алып барып да көрдүм, мекени Европа болгондуктан назик, кичинекей эле кар жааса тайгаланышат экен.
— Жоргонун табияты тууралуу да сурайын деп турам...
— Кыргызда "күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин" деген макал бар. Жорго ушунчалык таланттуу жылкы. Кыргызда чоң акын, комузчу сыяктуу адамдын таланттуусу болгондой эле жылкыда да талант болот. Жоргону деле күлүктөй эле таптайт, күнүгө минип, жем-чөбүн ошондой эле бериш керек. Бирок жоргонун кебетеси такыр башкача — бакайы кыска, көөдөндүү, бели күлүктүкүнөн кичине узунураак келет. Жоргонун түрү болот. Кой жорго — койдукундай тыпың-тыпың басыш менен жүрөт. Жол жорго — жолдо жүрүүгө ылайыктуу. Үстү тынч, бөйрөк оорубайт, тажатпайт, уктасаң да кебелбей уктайсың. Чапма жорго — чаап баратып, жорго салып кетип, кайра жаңылып кетет. Алакачма жорго — жорго салбай эле жинди немедей адыраңдай берет. Баткакка, айдоого салып аябай кыйнаганда анан жорго салып берет. Суу куйсаң төгүлгүс жорго — накта жорго болот. Ылдыйда да, өйдөдө да жазбай жүрөт. Күлүктү минип жүрө албайсың. Анда басык жок. Күлүк укмуш желет, өпкөңдү тимеле үзүп таштайт. Кыргызда "жорголуу менен жол жүрбө, жоон моюн менен айыл конбо" деген ылакап бар.
Жоргонун да түрү бар, америкалык "бреддик стандарт" жоргосун атайын стандартка салып чуркатышат. Булар тубаса чоң жорго болушат. Негизи жорголор "орловский рысак" породасынан чыгат. Булардын эки буту тең жорго. Ал эми трапата жоргосунун үч буту, чыныгы жорголордун төрт буту тең жорголойт.
© Sputnik / Асель СыдыковаБелгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев: Ат эч качан адамды талаада калтырбайт. Кичинемден эле ат менен алек болуп, жылкынын сырын билип чоңойдум.
Легендарный депутат, общественный деятель, путешественник Кемел Аширалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Белгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев: Ат эч качан адамды талаада калтырбайт. Кичинемден эле ат менен алек болуп, жылкынын сырын билип чоңойдум.
— Жорго салдыруунун да техникасы болсо керек?
— Жорго салдырганда көчүктү ээрге кадап койгондой отуруп, эки бутту бирдей тебүү керек. Шелпеңдей берсең, жылкы баласынын жоргосу жазылып кетет. Жоргону 10-15 чакырымга салдыруу керек. Андан азыраак салдырганда кубаттуулугу, көркөмү артпай, эл да ыраазы болбой калат.
Жорго менен баратканда өзүмдү бир жакшы кайыкта же кемеде бара жаткандай сезем. Жорго салдырууну да билиш керек. Илгери кыргыздарда жоргону 40тан ашкан 50дөгү кишилер салдырчу. Анткени жорго абдан карылуу келет. Ал эми балдарга тай, күлүк чаптырышкан.
— Элибиз эзелтеден жылкы баласынын касиетин баалап келишет. Ат минүүнүн пайдалуу жактарына да токтоло кетсеңиз?
— Колдон келсе атка кызыккан адамдын жоргосу же айылда жашагандардын бирден аты болгону жакшы. Ат эч качан адамды талаада калтырбайт. Адашып калганда аттын жайына койсоң өзү үйүңө алып келет. Мен билгенден көп жашаган кишилердин баары жылкычы же өмүр бою ат минген адамдар. Буга кымыз менен аттын пайдасы зор. Эркекти эркек кылган да — бул жылкы баласы. Анткени ат минүү жыныстык органдарга пайда. Азыркылардын баары эле геморрой менен ооруп, жумшак креслодо отурушат. Ал эми ат үстүндө жүрүү да гимнастика. Ат минүү маданиятын да дурустап билбей баратабыз. Эч качан ээрдин кашын жана каңкысын кармап минбеш керек, анда ээр ооп калат. Сол бут менен үзөңгүнү тээп, аттын жалынан тартып туруп сол жагынан шарт минет. Ат үстүнө баратканда ички органдарың бүт титирейт. Аттын желип жүрүшү отурган адамдын организминдеги лимфа бездеринде чогулган жаман заттарды сыртка айдап чыгат. Ээрге эркин отургандыктан аттын жүрүшү жүрөк, өпкө, кан тамырлардын иштешин жакшыртат. Ошондой эле таза абадан кере-кере жутуу менен тамакты укмуш сиңирет. Майлуу тамактан соң ат минген адам эки-үч саат өтпөй ачка болот. Анан ат минген киши бир аз жүргөндөн кийин эле заара ушаткысы келет, анткени бөйрөктү да иштетет. Бээнин сүтү менен кымызы ден соолукка өзүнчө пайда. Ушул себептен ата-бабалар чыйрак болгон.
Өлгөндө да кыргыздар жылкы союп куран окуткан. "Жылкы баласы менен кыргыздын каны да, жаны да бир" деп айтылып калганы ушундан.
Жаңылыктар түрмөгү
0