"Кыргыздар" жана "Манас" азербайжан окурмандарына тартууланды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ТЮРКПАТҮРКПА жыйын учурунда "Кыргыздар" жана "Манас" боюнча китептин бет ачары
ТҮРКПА жыйын учурунда Кыргыздар жана Манас боюнча китептин бет ачары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Адил Жамил "Манас" эпосунун жалпы сюжетин өзүнүн поэтикасы, өзүнүн ою, таланты менен жазып, азербайжан окурмандарына сунуштаган.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясында (ТҮРКПА) азербайжан тилине которулган "Кыргыздар" жана "Манас" эпосунун негизинде жазылган китептердин бет ачары болду. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат борбору билдирди.
© Фото / пресс-служба ТЮРКПАТүрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясында (ТҮРКПА) азербайжан тилине которулган "Кыргыздар" жана "Манас" эпосунун негизинде жазылган китептердин бет ачары болду
Презентация книги Кыргызы в рамках круглого стола в Секретариате ТЮРКПА - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясында (ТҮРКПА) азербайжан тилине которулган "Кыргыздар" жана "Манас" эпосунун негизинде жазылган китептердин бет ачары болду
"Манас" боюнча китепти азербайжанча аталган элдин адабиятчысы жана акыны Адил Жамил жазган.
Китептерди коомчулукка тааныштыруу 3-июлда "Азербайжан жана Кыргызстан: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу иш-чаранын учурунда болгон.
© Фото / пресс-служба ТЮРКПАКитептерди коомчулукка тааныштыруу 3-июлда "Азербайжан жана Кыргызстан: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу иш-чаранын учурунда болгон
Презентация книги Кыргызы в рамках круглого стола в Секретариате ТЮРКПА - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Китептерди коомчулукка тааныштыруу 3-июлда "Азербайжан жана Кыргызстан: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу иш-чаранын учурунда болгон
Кыргызстан менен Азербайжандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган жыйында өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара кызматташуунун маанилүү аспектилери аныкталды. Депутаттар жемиштүү кызматташуунун негизи болгон орток тарыхый жана маданий мурастардын маанилүү экендигин белгилешти.
Встреча Межпарламентской ассамблеи стран СНГ с главой МИД КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Кыргыз-азербайжан алакасы жаңы деңгээлге чыгат. Казакбаев Бакудан кайтты
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, ошондой эле Азербайжандын Милли Межлисинин депутаттары, "Азербайжан - Кыргызстан" парламенттер аралык жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты.
Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысынын орун басары Каныбек Иманалиев жазган "Кыргыздар" кыргыз элинин тарыхына, маданиятына жана мурасына арналган. Чыгарма буга чейин алты тилде басылып чыккан.
Адил Жамил "Манас" эпосунун жалпы сюжетин өзүнүн поэтикасы, өзүнүн ою, таланты менен жазып, азербайжан окурмандарына тартуулаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0