Адамдын тили рак болгондо кездешчү белгилер айтылды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМедициналык текшерүү учурунда адам. Архив
Медициналык текшерүү учурунда адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Эгерде тилди кокусунан тиштеп алганда канап кетсе, анда бул да онкологиялык оорунун белгилеринен болушу мүмкүн. Адистер бул учурда дарыгерге кайрылууну эскертишет.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Cancer Research UK медициналык уюмунун адистери рак илдетинин белгилерин ооз көңдөйүнөн кантип билсе болорун айтышты. Бул тууралуу Daily Express гезити жазганын РИА Новости билдирди.
Зыяндуу заттар тилде же анын астында өнүгүшү мүмкүн экени маалыматта айтылат. Адамдын тилинде кызыл же ак чекитке окшогон сезгенүү көпкө чейин сакталса, анда ал дарыгерге кайрылышы керек.
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Онколог рактын дарыны тоготпогон түрлөрүн атады
Кооптуу ооруну эскерткен көптөгөн белгилердин катарында дарыгерлер жараны (язва) же өзүнөн-өзү жоголбогон шишикти аташты. Эгерде тилди кокусунан тиштеп алганда канап кетсе, анда бул да онкологиялык оорунун белгилеринен болушу мүмкүн.
Макалада алкоголдук ичимдиктерден, тамеки чегүүдөн жана адамдын папиллома вирусун жуктуруудан улам ооздогу рактын өрчүп кетүү коркунучу көбөйөрү айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0