Бишкекте эмдөө жайлары ачыла турган соода борборлору. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекИнспекция мест организации прививочных пунктов Свердловского и Октябрьского районов.
Инспекция мест организации прививочных пунктов Свердловского и Октябрьского районов. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Жалпысынан Бишкекте учурдагы эмдөө жайларынан тышкары тогуз вакцина саюу пункту ачылмакчы. Алардын үчөө Октябрь районунда, ал эми Свердлов, Ленин жана Биринчи май райондорунда экиден пункт ишке киргизилет.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаадагы соода борборлорунда коронавируска каршы эмдөө пунктуларын ачканы жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Вице-мэр Виктория Мозгачева Свердлов жана Октябрь райондору боюнча эмдөө жайлары ачыла турган жерлерди көрүп келди.
Аларды төмөнкү соода борборлорунда ачуу пдандалып жатат:
  • "Космопарк";
  • "Таш-Рабат";
  • "Детский мир".
Ошондой эле "Чынар" базарында жана "Семетей" гимназиясында ачуу мерчемделүүдө.
Жалпысынан Бишкекте учурдагы эмдөө жайларынан тышкары тогуз вакцина саюу пункту ачылмакчы. Алардын үчөө Октябрь районунда, ал эми Свердлов, Ленин жана Биринчи май райондорунда экиден пункт ишке киргизилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0