COVID-19дан вакцина алган адам менен албаган адамдагы айырма

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүВакцинация от COVID-19 водителей и курьеров "Яндекс"
Вакцинация от COVID-19 водителей и курьеров Яндекс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Акыркы учурларда коронавируска каршы вакцина алгандар арасында дагы кайрадан ооруп калгандар байкала баштады.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Вакцина алган адам менен ала элек адамдын организми коронавирусту кандай көтөрөрүн Sputnik радиосунун эфиринде иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Николай Крючков айтып берди.
Адистин пикиринде, коронавирус эмделген кишилердин арасында өтө сейрек кездешүүдө. Бул эң негизги айырма болуп эсептелет.
"Экинчи өзгөчөлүгү — адам ооруну жеңил көтөрөт. Эмделгендер оор формадагы коронавируска кабылган учурлар азырынча жокко эсе. Мындан тышкары, эмделген адам башкаларга вирус жуктура турган мөөнөт дагы салыштырмалуу кыска болот. Мисалы, вакцина алган киши ооруп баштагандан тарта бир жумага чейин айланадагыларга кооптуу болсо, эмделген адамдар үч-төрт күндөн кийин эч кимге оору жугузбай калат", — деди дарыгер.
Ошондой эле адис вакцина алган адамдар албагандарга караганда кооптуураак болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Анткени эмделбеген адамга ооруй баштаганы дароо билинсе, эмделгендер вирустун белгиси жок болгон соң билбей калышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0