Өлкөдө 14 миңден ашык киши COVID-19дан дарыланып жатат. Жаңы статистика

© REUTERS / Tatyana MakeyevaСитуация в Москве из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Москве из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Учурда Кыргызстан боюнча стационарларда 3 864 бейтап жатат. Ал эми амбулатордук дарыланууда 10 318 бейтап бар.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 665 бейтап айыкты. 1 352 киши жаңыдан жуктуруп, тилекке каршы, сегиз адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Сакайгандар:
  • Бишкек шаары – 293;
  • Ош шаары – 80;
  • Чүй облусу – 96;
  • Ош облусу – 70;
  • Талас облусу – 10;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 27;
  • Жалал-Абад облусу – 71;
  • Баткен облусу – 9.
Жалпы айыккандар 111 994 болду. Ал эми жуктургандардын саны төмөнкүчө:
  • Бишкек шаары – 803;
  • Ош шаары – 42;
  • Чүй облусу – 189;
  • Ош облусу – 67;
  • Талас облусу – 29;
  • Нарын облусу – 24;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 80;
  • Баткен облусу – 81.
Ситуация в Бишкеке из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Республикалык штаб белгилеген тез арада жасалчу иштердин тизмеси
Ушуну менен жуктургандардын саны 129 232ге жетти.
Тилекке каршы, акыры суткада оорунун айынан 8 киши өмүрү менен кош айтышты. Алардын төртөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Жалал-Абад облусунда жана бирөө Ош шаарында дарыланып жаткан. Пандемия жалпысынан 2 027 кишинин өмүрүн алды.
Учурда стационарларда 3 864 бейтап жатат. Алардын 79унун абалы канааттандырарлык, 2 514ү орто, 1 097си оор жана 174ү өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 10 318 бейтап бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0