Баш ооруну айыктырууга жардам берген 12 азык. Тизме

CC BY-SA 2.0 / Gonzalo Malpartida / 301/366: HeadacheПроблемы со здоровьем в КР
Проблемы со здоровьем в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Баш ооруга даба болчу азыктардын сап башында капуста менен шпинат турат. Алар фолий кычкылы менен магнийге бай.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Адатта көпчүлүк адамдар башы ооруса дароо дары ичишет. Delish порталы илимий изилдөөлөрдү карап чыгып, баш ооруну дарысы жок айыктыра турган 12 азыкты сунуштаганын РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, баш ооруга даба болчу азыктардын сап башында капуста менен шпинат турат. Алар фолий кычкылы менен магнийге бай. Шоколад менен бананда дагы магний микроэлементи көп экени айтылды.
Польза брокколи для организма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Капуста организмди холестеринден арылтып, кан тамырды тазалайт
Баш оору менен күрөшүүгө курамында Омега-3 майлуу кычкылдарына бай лосось, авокадо сыяктуу азыктар да жардам берет.
Адистер баш ооруга миңдин бири делген азыктардын катарына козу карын менен картошканы кошкон. Маселен, картошканын курамында бета-каротин, В2, В6 витаминдери, марганец, калий, ниацин бар. Анын баары баш ооруну басаңдатууга жардам берет. Кызылча менен брокколи да ушундай касиетке ээ.
Маалым болгондой, суусундуктардан кофе да баш ооруну басат, бирок адистер аны этияттап ичүүнү сунушташкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0