"Ысык-Көл" аэропорту Алматыдан туристтердин алгачкы тобун тосуп алды

© Фото / пресс-служба аэропорта "Манас""Ысык-Көл" аэропорту Алматыдан туристтик мезгилдин алгачкы каттамын тосуп алды
Ысык-Көл аэропорту Алматыдан туристтик мезгилдин алгачкы каттамын тосуп алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
SCAT авиакомпания каттамды жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткармакчы.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. "Ысык-Көл" аэропорту Алматыдан туристтик мезгилдин алгачкы каттамын тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, каттам бүгүн, 2-июлда, келген. Алматыдан Ысык-Көл облусуна эл аралык авиамаршрутту SCAT авиакомпаниясы жүргүзүүдө.
"Авиакомпания каттамды жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткармакчы", — деп жазылат маалыматта.
Учуу убактысы 40 мүнөт. 
Жаңылыктар түрмөгү
0