Мэрия Бишкектеги мыкты медициналык жамааттарды аныктап, сыйлык берди

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүДокумент толтуруп жаткан дарыгер. Архив
Документ толтуруп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Калаа жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ак халатчандарга ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын жана сый акы сертификаттарын тапшырды.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы медиктерди куттуктап, сынакта утуп алган жамааттарга сыйлык берди. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Калаа жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ак халатчандарга ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын жана сый акы сертификаттарын тапшырды.
"2021-жылдын мыкты жамааты" сынагын мэриянын Саламаттык сактоо башкармалыгы өткөргөн.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун арасынан биринчи орунду Свердлов районунун №8 бейтапканасы жана Биринчи май районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору алып, 150 миң сомдон сыйлыкка ээ болушту.
Президент Садыр Жапаров бир катар аскер кызматкерлерин сыйлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Эрдигиңер үлгү болсун! Садыр Жапаров аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды
Экинчи орунга татыгын Свердлов районунун №4 бейтапканасы 100 миң сом сыйлык алды.
Стационарлар арасында эң мыкты деген наамга жана 250 миң сомдук сый акыга №1 шаардык клиникалык ооруканасы татыды. Андан кийинки орунга Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасы илинип, 150 миң сом сыйлык алды.
Медициналык атайын мекемелердин ичинен биринчи орунга 100 миң сом сыйлык менен Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, экинчиге №3 стоматологиялык клиникасы илинди.
Жаңылыктар түрмөгү
0