Чолпон-Атада ӨКМдин 30 жылдыгына карата 5 өлкөнүн жыйыны өттү

© Фото / пресс-служба МЧСӨКМдин 30 жылдыгына карата 5 өлкөнүн жыйыны өттү Чолпон-Ата шаарында
ӨКМдин 30 жылдыгына карата 5 өлкөнүн жыйыны өттү Чолпон-Ата шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Биргелешкен илимий-техникалык кеңешинин биринчи отуруму 2003-жылы болгон. Кыргызстан бул кеңешке 2015-жылдан тартып мүчө.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бүгүн, 2-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана Өрткө каршы кызматтын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата илимий-техникалык кеңештин 6-отуруму өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Куткаруу кызматтарынын Биргелешкен илимий-техникалык жыйынына Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын өкүлдөрү катышты.
Отурумдун күн тартибине кирген маселелер:
  • көзөмөлдөө органдарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоо;
  • табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда калктын жана аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында маалыматтык технологиялардын ролу жана орду;
  • аймактык жана ведомстволук деңгээлдерде табигый кырсык коркунучун азайтуу жаатында программаларды жана пландарды интеграциялоо жана кеңейтүү;
  • суу ташкынын болжолдоо, алдын алуу жаатында өз ара аракеттенүү жана кызматташуу.
"Катышуучулар жогорудагы маселелерди талкуулап, ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты. Ошондой эле XIII эл аралык "Комплекстүү коопсуздук — 2021" долбоорунун алкагында аткарылган иштердин жыйынтыктарын да карашты", — дешти ӨКМден.
ӨКМ 30 жылда биринчи ирет көп сандагы техникага ээ болду. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
ӨКМ 30 жылда биринчи ирет көп сандагы техникага ээ болду. Видео
Биргелешкен илимий-техникалык кеңешинин биринчи отуруму 2003-жылы болгон. Кыргызстан бул кеңешке 2015-жылдан тартып мүчө. Кийин Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Куткаруучу агенттиктердин биргелешкен илимий-техникалык кеңеши болуп аталып, 2017-жылы Казакстандын Ички иштер министрлигинин өтүнүчү менен кеңеш Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын Куткаруу агенттиктеринин биргелешкен илимий-техникалык кеңеши болуп өзгөртүлгөн.
Кеңеш бир катар биргелешкен илимий долбоорлорду демилгелеп, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин натыйжаларын алмашуу, илимий-техникалык кызматташтык, биргелешкен машыгууларды жана семинарларды координациялоо жаатында иш жүргүзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0