Жүрөк ыраазы болсо мамиле бекемделет. Издешпей табышкан акын жубайлар

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАкын жубайлар Кутмырза Жакыбалиев менен Гүлзина Мыйзанбекова
Акын жубайлар Кутмырза Жакыбалиев менен Гүлзина Мыйзанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Сезимдерин ыр менен билдирип, урушса ыр менен жарашкан акын жубайлар Кутмырза Жакыбалиев менен Гүлзина Мыйзанбекова Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын коногу болушту.
Чыгармачыл үй-бүлө аял менен эркектин үй-бүлөдөгү орду, үй-бүлө баалуулугу, табышкан күнү тууралуу айтып беришти.
— Алгач өзүңүздөр тууралуу азыноолак айтып кетесиздерби. Балким, билбеген окурмандар бардыр.
Кутмырза Жакыбалиев: — Учурда Мамлекеттик тил комиссиясында иштеп жатам. Буга чейин 2011-жылы "Дүбүрт", андан кийин 2019-жылы "Закым ээрчиген чыйыр" деген китептерим жарык көргөн.
Гүлзина Мыйзанбекова: — Кесибим боюнча филологмун. Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөм. Кийин журналистикага ыктап кеттим. Кыргыз радиосунда иштеп, кийин үч баланы удаа төрөп, көп убакыт үйдө отуруп калдым. Азыр балдар адабиятына кызыгып аңгеме, жомокторду жазып жатам.
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваГүлзина Мыйзанбекова: мен издеген эркектеги мүнөздү Кутмырзадан таптым.
Супруги Кутмырза Жакыбалиев и Гулзина Мыйзанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Гүлзина Мыйзанбекова: мен издеген эркектеги мүнөздү Кутмырзадан таптым.
— Эки акын кайдан, кантип табышып калды эле?
К.Ж.: — Чыгармачылык деген жакшы нерсе экен. Жубайымды Жазуучулар союзунун алдындагы "Нурборбор" бирикмесинен кезиктиргем. Бирок башында экөөбүз үйлөнөбүз деген ой болгон эмес, жан дүйнөбүз табышып калды. Жан дүйнө табышкандан кийин башкасы эч нерсеге арзыбай калат турбайбы. Экөөбүздүн таанышып, табышкан күндү Гүлзина жакшы айтып берет.
Журналист, коомдук ишмер Азият Жекшеев менен келинчеги, алып баруучу Наргиза Бекназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Тилди тыя билиш керек. Издешпей табышкан Азият Жекшеев менен Наргиза Бекназарова
Г.М.: — Мен анда "Нурборбор" бирикмесинде уюштуруу иштери боюнча төраганын орун басары болуп иштечүмүн. Бир ирет ири иш-чара уюштуруп калдык. Ал жерде мен грамота бергендерге артынан гүл тапшырып турушум керек эле. Бир аз кечирээк келип калдым. Алдыңкы катарда бир эле орун калыптыр. Ошол бош орундун жанында үстүнө куртка, жынсы шым, бутуна кроссовки кийген бала отурган экен. Андан бир аз жылып коюуну суранып, экөөбүз ошол жерден чыртылдаша кеткенбиз. Кийингенин карап маданий иш-чарага да ушундай кийинип келеби деп ойлоп койгом. Бир аздан кийин тиги баланы ыр окуганга сахнага чакырышты. Аны угуп алып ого бетер таң калдым. Бир убакта сахнага чыгып күпүлдөп ырларын окуп кирди. Ошол жерден сырткы келбети тууралуу оюм таптакыр өзгөрүп, ырларына арбалып калдым. Кутмырза өтө курч жазат, ырлары башкача. Ошентип Кутмырзаны ырларынан тааныгам. Бирок экөөбүз ал иш-чаранын эртеси тааныштык. Андан кийин Жазуучулар союзуна тез-тез келе баштады. Ошентип жатып мамилебиз жакындашып кетти.
Таанышканда эле мен дароо "экөөбүз чогуу боло албайбыз" деп ойлогом. Анткени мен Жалал-Абаддын Ала-Бука районунан болсом, Кутмырза Ат-Башынын Баш-Кайыңды деген айылынан. Бирок жолдошум айткандай, жан дүйнө табышкандан кийин эч нерсе тоскоол болбой калды.
— Кутмырза байке, анан Ала-Буканын кызы сизди эмнеси менен арбап алды?
К.Ж.: — Аны сөз менен кантип айтам (күлүп). Башында кыялы чатак экен деп жүргөм. Кийин көңүлүмө толуп, аны улам көргүм келип, жактырып калдым.
Г.М.: — Кыргызда "кымызга кимдер суусабайт, кызды кимдер сурабайт" деген кеп бар эмеспи. Артыман көп эле бала чуркады, бирок алар айтканымды аткарып, көзүмдү карай берчү. Кутмырза андай болгон жок. Мен издеген эркектеги мүнөздү Кутмырзадан таптым. Ал катуу айткан, чечкиндүү, сыйды билип, аялды да ордуна коё билген адам. Өзүм беш кыздын кичүүсү болуп эрке, оюмду ачык айткан кыз болчумун. Айрым кыздар "ал баланын мүнөзү корс" деп коркуп турса, менин жан дүйнөмө, тескерисинче, ошол сапаты жакчу. Атамдагы мүнөздү Кутмырзадан таптым. Жалпылап айтканда, жолдошум менин жүрөгүмдү чечкиндүүлүгү менен багынтып алган.
© Фото / из семейного архива Кутмырза ЖакыбалиеваКутмырза Жакыбалиев: Гүлзина мейман сыйлоо, бала тарбиялоо, уюштуруучулук жагынан камчы салдырбайт.
Супруги Кутмырза Жакыбалиев и Гулзина Мыйзанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кутмырза Жакыбалиев: Гүлзина мейман сыйлоо, бала тарбиялоо, уюштуруучулук жагынан камчы салдырбайт.
— Гүлзина эже, жогоруда "экөөбүз Кыргызстандын эки бурчунан болсок, таанышканда эле чогуу боло албайбыз деп коркком" деп жатпайсызбы. Ата-энелериңерди эмне кылып көндүрдүңөр, кызык окуялар көп эле болсо керек.
Г.М.: — Эки аймактын каада-салты эки башка, мен биринчи эле ошол нерседен чочуладым. Үйлөнүүгө толук макул боло электе Кутмырзага "бизде каада көп, кыйналып каласың, сени аяйм" деп айткам. Үйлөнүү тойдо биз жакта эркек тарап аябай кыйналат. Кыз алчу тарап Ошто кыздын ата-энесинин үйүнө майынан пиязына чейин алып барып бериши керек. Анан алдына түшүп, бата той кылып, айтор, үйлөнгөнгө чейин эле бир топ каада жасалат. Бирок Кутмырза ал каадалардан чочулап менден баш тарткан жок. "Өз бактым үчүн аны бир жолу кылсам эч нерсе болбойт" деп макулдугумду алган.
Дагы бир айта кетчү жагдай, Кутмырза мени ала электе эле жакындарыма жаккан.
Певец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Эркин жүргөн эркек табышкер болот. Издешпей табышкан Акбар менен Кундуз
Ошол кезде бир китебим чыгып, анын бет ачарын Ала-Букадан өткөрүп калдым. Комиссия менен кошо Ошко Кутмырза да барган. Баарын ата-энем үйгө коноктоду, эч кимге Кутмырзаны жигитим деп айткан жокмун, даай албадым. Меймандарды тосуп жатканда атам улам Кутмырзаны чакырып кеңешет. Алар кеткенден кийин "жанагы нарындык жигит шар жүрүп, шар сүйлөгөн адам экен" деп айтканы эсимде. Анан үйдөгүлөр байкап калган окшойт, "жигитиңби?" деп тактап сурап туруп алышканда "ооба" деп жооп бергем.
Экөөбүз табышкандан кийин ата-энелерибиз да өз каадасын кылып үйлөнтүштү. Албетте, салтта чоң эле айырма бар экен, бирок баарына көнүп кеттик.
Жар тандоодо жаңылбаптырмын. Кутмырзанын ачык-айрымдыгы жагат. Ала-Букага абдан жакшы күйөө бала болду. Атам аны "эл көргөн жердин баласы экен" деп мактаган.
— Кутмырза байке, жанатан бери Гүлзина эже сизди мактап жатат. Сиз да жубайыңыздын жакшы сапаттарын санап бербейсизби. Маселен, үйдө кандай эне?
К.Ж.: — Кыргызда эне мектеби деген бар. Эгер атасы мыкты, энеси начар болсо бала начар чыгып калышы мүмкүн. Себеби бала көп убактысын эне менен өткөрүп, таалим-тарбияны энесинен алат. Бул жагынан алганда бактыбыз бар экен. Гүлзина мыкты тарбиячы. Аны туугандарыбыз да айтып калышат. Мейман сыйлоо, бала тарбиялоо, уюштуруучулук жагынан камчы салдырбайт.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов Таалайгуль УсенбаеваКутмырза Жакыбалиев: ооба, жашоодо өйдө-ылдый болот, ойлогон нерсе оңунан чыкпай калышы мүмкүн. Ошол учурда да бири-бирин түшүнө билүү маанилүү. Түшүнгөндө жүрөк ыраазы болот, жүрөк ыраазы болсо мамиле бекемделет.
Супруги Кутмырза Жакыбалиев и Гулзина Мыйзанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кутмырза Жакыбалиев: ооба, жашоодо өйдө-ылдый болот, ойлогон нерсе оңунан чыкпай калышы мүмкүн. Ошол учурда да бири-бирин түшүнө билүү маанилүү. Түшүнгөндө жүрөк ыраазы болот, жүрөк ыраазы болсо мамиле бекемделет.
— Экөөңүздөр бир чөйрөдөнсүңөр да. Ошол нерсе үй-бүлө, мамилеге да таасирин тийгизсе керек. Мисалы, бири-бириңерди жакшы түшүнүп, чыгармаларыңарды талкуулап дегендей.
Г.М.: — Ооба, бир чөйрөдөн болгондо бири-бириңди жакшы түшүнөт экенсиң. Үч балабыз бар, үчөө тең удаа. Кээде балдар менен үйдөн чарчайсың. Ыр окуп, ыр угуп жүргөн жаным буулугам. Ошол учурду Кутмырза байкайт дагы "бүгүн бул акындын ыр кечеси болот экен" деп балдарды бирөөгө таштап алып барып келет. Ырга суусап турган жаным кечеге баргандан кийин кадимкидей энергия, күч алып анан оокатымды уланта берем. Балким, башка чөйрөнүн адамы болсо, аны түшүнүп, билмек эмес да. "Үй жыйна, тамак жаса" деп койсо шагым сынып, аялдык милдетимди аткарып отуруп калмакмын. Ошолорду ойлогондо бактым тоодой экен деп сүйүнүп калам.
— Негизи аял кишиге деле, эркекке деле колдоо гана керек го, ээ?
Театр өкүлдөрү Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
"Айга-күнгө теңегис". Издешпей табышкан Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова
К.Ж.: — Үй-бүлө — бул бир очок. Бир очокко бириккенден кийин бардык нерсе ортодо болгону жакшы. Эркек таап келеби, аял табабы, бардыгын ортого коюп анан чечсе, мамиле бекемделет. Ооба, жашоодо өйдө-ылдый болот, ойлогон нерсе оңунан чыкпай калышы мүмкүн. Ошол учурда да бири-бирин түшүнө билүү маанилүү. Түшүнгөндө жүрөк ыраазы болот, жүрөк ыраазы болсо мамиле бекемделет. Мамиле бекемдегенден кийин калганы өз нугу менен кете берет.
— Казан-аяк кагышканда жараны ырбатып жибербеш үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуздар?
Г.М.: — Казан-аяк ар бир үй-бүлөдө кагышат. Турмушка чыкканда Кутмырзанын кээ бир мүнөздөрү мага "сюрприз" болду. Негизи мен бала кезимен эле лидер болуп, активдүү, өзүмдүкүн бербей өскөм. Бирок Кутмырзага турмушка чыккандан кийин ал мени урушуп-талашпай эле акырын аялдык ордума коюп койду. Жеңелери айткандай, Кутмырзанын камчысы тилинде. "Мен" деп сүйлөп баштаганда "аа силерби, силер ошентейин деп жатасыңарбы" дегенде унчукпай отуруп каласың. Жолдошум мени сөз менен тарбиялады.
Аял менен эркектин ортосунда казан-аяк кагышып кетсе, эң жакшы курал кечирим суроо деп билем. Бул — ичтеги болгон ыза, таарынычты талкалап, сүйүүгө айлантып жиберген курал. Албетте, ал оор. Кутмырза такыр кечирим сурачу эмес. Балким, бул эркектерге тиешелүү мүнөздүр. Кээде менден кетпеген учурлар болсо да кечирим сураганга туура келчү. Бирок көндүк. Азыр балдарыбыз да бул тартипке көнүп, бир нерсе болсо чуркап келип кечирим сурашат.
© Фото / из семейного архива Кутмырза ЖакыбалиеваГүлзина Мыйзанбекова: аял менен эркектин ортосунда казан-аяк кагышып кетсе, эң жакшы курал кечирим суроо деп билем. Бул — ичтеги болгон ыза, таарынычты талкалап, сүйүүгө айлантып жиберген курал.
Супруги Кутмырза Жакыбалиев и Гулзина Мыйзанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Гүлзина Мыйзанбекова: аял менен эркектин ортосунда казан-аяк кагышып кетсе, эң жакшы курал кечирим суроо деп билем. Бул — ичтеги болгон ыза, таарынычты талкалап, сүйүүгө айлантып жиберген курал.
— Эркектерди кечирим суратыш оңой эмес. Кутмырза байке, эркектер эмнеге андай?
К.Ж.: — Аялдар көнүп алса анан (күлүп). Аял менен эркек ушундай нерселер менен айырмаланат. Эркектерде "аял бат көнүп алат" деген коркунуч бар. "Такай кечирим сурай берсем, башыма чыгып алат" деп ойлошу да мүмкүн. Казан-аяк кагышканда күнөөнү ар бири өзүнөн издеп көргөнү жакшы го. Күнөөнү өзүнөн издеп көрсө, кечирим суроо да чыгат болушу керек.
— Баш кошконуңуздарга 10 жыл болуптур. Турмуштук тажрыйбаңыздарга таянып, үй-бүлө пайдубалын бекем кармоо тууралуу айтып берсеңиздер. Үйдө аялдын, эркектин орду кандай болушу керек?
К.Ж.: — Кыргызда "алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык" деген жакшы сөз бар. Кандай болгон күндө дагы эркекти бир тепкичке өйдө коё билген аял бактылуу болот деп ойлойм. "Акча таппай жатса эмне кылайын, иштебесе эмнеге биринчиге коём" деши мүмкүн. Анда "эмнеге тиесиң?" деген суроо жаралат. Бирде шарт болот, бирде болбойт. Байкелерден "аял күйөөсүнөн 5 сом көп акча тапса, сөзү чоң болуп калат" деп уккам. Ошондой болбош керек. Ким канча алып келип жатат, ал маселе эмес. Маселе атанын, күйөөнүн үйдө орду болушу керек. Эркек сыйланбаган үй-бүлөгө бакыт конбойт. Илгери апалар "атаңдын баш кийимин, чапанын жерге таштабай алып кой" деп эркектин кийимине чейин өйдө койгон. Ошондуктан ал үй-бүлөдө кут орноп турган. Айрымдар "эмнеге аялдар эмес" деп чыгышы мүмкүн. Аял киши эркекке жардамчы. Аялды эркек сүйүп, колдоп, камкордугуна алышы зарыл. Кандай болгон шартта дагы күйөөсүн алдыга түртүп, аял артында турса, эркектин башы бийик болот.
Балага да ошондой тарбия берген жакшы. Бала айтканды укпайт, көргөндү жасайт. Үй-бүлөдө мыйзамдар кандай болсо, ошого калыптанып тарбияланып, кийин аялына, күйөөсүнө ошондой мамиле жасап калышат. Ошондуктан балдар үчүн болсо дагы өзүңдү түздөп жүрүшүң керек.
Актер Эржан Осмонов менен келинчеги актриса Махабат Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жаштык, сахна, бала. Издешпей табышкан Эржан Осмонов менен Махабат Асанбекова
Г.М.: — Азыр "эмнеге эркек алдыда болушу керек, эмнеге аял экинчи орунда" деген муун өсүп келе жатат. Ооба, баары тең болгон жакшы. Бирок биз "укук" деп жатып жоопкерчилик тууралуу унутуп калдык. Аялдын жоопкерчилиги, милдети каралбай калды. Ар бир нерсе өз ордунда болушу керек. Ошол эле маалда аялды аярлап турса ал гүлдөйт, жаркырап жакшынакай болуп чыгат. "Сага эмне бар, эч жакка чыкпай үйдө отур" деген сөздү угуп жүргөндөр да бар.
Эмнеси болсо да жубайлар ичиндегисин тууган, ата-эне же досторуна айтпай, бири-бирин ар кимге жамандабай таарыныч, ызасын жанында жаткан күйөөсүнө же аялына айтышы керек. Күйөөңдү бирөөгө барып жамандадың дегиче анын кадыр-баркы түшөт. Анын кадыр-баркы түшсө, сен да сыйдан кетесиң. Мурда апам мага "күйөөңдүн жаман жактарын мага угузба" деп көп айтчу. Ошол себептен бирөөгө барып арызданганча жолдошуңа айтып, чечишип алган жакшы деп ойлойм.
Жаңылыктар түрмөгү
0