Республикалык штаб белгилеген тез арада жасалчу иштердин тизмеси

© AP Photo / Vladimir VoroninСитуация в Бишкеке из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Бишкеке из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Коргоо министрлигине караган "Семетей" мейманканасы медициналык кызматкерлер үчүн обсервация жай катары ачыла турган болду.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Башка медицина кызматкерлерин да тартып, Бишкек менен Ош шаарларында 118 кызматы күнү-түнү иштеши үчүн адистерди көбөйтүү боюнча мэрияларга тапшырма берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Коронавируска каршы республикалык штабдын жыйынында кечеңдетилбей жасала турган бир нече маселелер белгиленген:
  • Бишкекте эл 118 кызматына дароо чала алгыдай болуп, ага дагы 25 линияны кошуу;
  • COVID-19 боюнча профилактика, диагноз коюу, дарылоо иштерин бекитилген №5 клиникалык эреже менен дарылоо боюнча медиктердин баштапкы тобун онлайн жана офлайн окутууну улантуу;
  • Бишкек жана Ош шаарларында мобилдик бригадалардын тынымсыз иштешин камсыздоо, зарылдык жаралса алардын санын көбөйтүү;
  • Ооруканаларга тиешелүү дарыларды, медициналык каражаттарды, сактануучу медициналык кийимдерди сатып алуу боюнча үч күндүн ичинде Экономика жана финансы министрлигине каржылоо үчүн сурам жөнөтүү;
  • Кытайдан келген вакцинаны эпидемиологиялык кырдаалга жараша аймактарга – шаарларга, облустарга бөлүштүрүү;
  • Коргоо министрлигинин "Семетей" мейманканасын медициналык кызматкерлер үчүн обсервация жайы кылып ачуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0