Коронавирустан дарылоочу ооруканалардагы бош орундар. Тизме

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСанитарная обработка инфекционной больницы № 2
Санитарная обработка инфекционной больницы № 2 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Коронавирусту дарылоо үчүн Чүй менен Бишкекте 17 оорукана даярдалса, 2-июль саат 8:00гө карата 10 ооруканада бош орун бар экени айтылды.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдө коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн 10 ооруканада бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ведомствонун 2-июль саат 8:00гө берген маалыматына караганда, жалпысынан 409 орун бош. Алар:
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 10;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 35;
  • Улуттук кардиология борбору — 3;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 17;
  • Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10;
  • Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталы — 17;
  • Республикалык наркология борбору — 5;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 84;
  • Улуттук госпиталь: терапия бөлүмү — 30;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 198.
Өткөн суткада Кыргызстанда 1 485 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0