Ысып, табит тартпай жатканда кантип тамактануу керек? Адистин кеңеши

© Фото / Pexels / Mikhail NilovКыз тамак жеп жаткан учурда. Архив
Кыз тамак жеп жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Диетолог жайында витаминдерге бай жаңы сыгылган ширелерди көп ичүүгө аракет кылыш керектигин айтып, бирок аны ачкарын эмес, негизги тамактан кийин ичүү зарыл экенин белгилеген.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Диетолог, психотерапевт Сергей Обложко тамакка табит тартпай жатканда жана жайында кандай азыктарды колдонуу керектигин тизмектеп бергенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, жайында витаминдерге бай жаңы сыгылган ширелерди көп ичүүгө аракет кылуу зарыл. Бирок аны негизги тамактар менен алмаштырып албоо керек.
"Жайында жашылча-жемишти көп жегиле. Бирок аларды ачкарын эмес, негизги тамактан кийин колдонуу шарт", — деди Обложко.
Ал көп ысыбаш үчүн кычкыл азыктарды сунуштаган. Маселен, ачытылган капуста, маринаддалган жашылча адамды көп ысытпайт. Адис тер менен жайында микроэлементтер көп бөлүнүп чыгып кетерин айтып, анын ордун помидор, деңиз азыктары сыяктуу тамак-аш менен толтурса болорун белгилеген.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө жана инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн дарыгери Аида Алимбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Радио
Алимбекова: пайдалуу азыкты ашыкча жеп алуунун да кесепети болот
Диетологдун айтымында, ысыкта адамдын тамакка табити тартпай жатса, жок дегенде жеңил тамактануу зарыл.
"Сөзсүз эле тамакка тоюу керек эмес. Бир күндө жок дегенде аз-аздан шам-шум этип турбаса организм алсырайт", — деген ал.
Буга чейин кардиолог ысыкта адам күнүнө 1,5-2 литр суу ичиши керектигин, калий менен магнийдин ордун толтуруп туруу үчүн рационго минералдык сууларды кошуу зарылдыгына токтолгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0