Үй сала турган аймакта жер көчкү коркунучу жок экенин кантип билсе болот

© REUTERS / Carl RecineЖер көчкүдөн кийин жардын четиндеги үйлөр. Архив
Жер көчкүдөн кийин жардын четиндеги үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, ӨКМде жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар аймактарды мониторинг кылган департамент иштейт.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Турак жай курулушу боюнча көз карандысыз адис Улан Темирканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде үй куруу үчүн жер тилкесин кантип тандоо керектигин айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековТурак жай курулушу боюнча көз карандысыз адис Улан Темирканов
Независимый консультант и эксперт в области жилищного строительства Улан Темирканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Турак жай курулушу боюнча көз карандысыз адис Улан Темирканов
Анын пикиринде, Кыргызстандын шартында тилке тандоодо жер көчкү коркунучу бар же жок экендигин билип алган туура.
"ӨКМде жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу боюнча аймактарды мониторинг кылган департамент бар. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан мындай зоналардын саны 5 миңден ашат. Эгер алган жериңизден күмөн санап жатсаңыз, айтылган департаментке кайрылыңыз. Баса, алардын отчётторун интернеттен дагы тапса болот", — деди адис.
Ал жер көчкү коркунучу боюнча үй курганы жатканда гана эмес, жаңы турак жай сатып алганда дагы текшерүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0