Алматыдан Ысык-Көлгө түз авиакаттам ачылууда

© AFP / PATRICK BAZАлматы шаарындагы аэропорт. Архив
Алматы шаарындагы аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Казакстандын мурдагы борбор шаарынан келген алгачкы учак 2-июлда "Тамчы" аэропортуна конот. Каттамдар аптасына үч жолу жүргүзүлөт.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жайкы сезонго байланыштуу Казакстандын Алматы шаарынан Ысык-Көлгө түз аба каттам ачылууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Казакстандын мурдагы борбор шаарынан келген алгачкы учак 2-июлда "Тамчы" аэропортуна конот.
SCAT авиакомпаниясы Алматы — Тамчы — Алматы маршруту боюнча каттамды аптасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзөт. Учак Алматыдан Тамчыга 40 мүнөттө жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0