Баткендин башчысы Алимбаев: "Айылды таштабайбыз" деген аялдарды көргөндө шердендим

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, полковник Абдикарим Алимбаев
Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, полковник Абдикарим Алимбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Ушул жылдын апрель айында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 36 мекендешибиз каза тапты. Келтирилген материалдык чыгым 1 миллиард 305 сом деп бааланууда.
Жаңжалда 220 объект, 138 турак жай талкаланганын ӨКМ жарыялаган. Үй-жайынан ажыраган жүздөгөн үй-бүлө убактылуу чатырларда күн кечирүүдө. Sputnik Кыргызстан радиосу өлкөнүн министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, полковник Абдикарим Алимбаевди кепке тартты.
— Абдикарим Карбекович, учурда облуста абал кандай? Чатырларда жашап жаткан элдин күнү эмне болду?
— Чек арага жакын жашаган калктын чочулоосу дагы деле бар. Аларды түшүнсө болот. Ушунча жылдан бери тирүү чеп болуп жашап келишет. Коргоп, бейпил күн кечиришине шарт түзүп бергендин ордуна бийлик 29 жылдан бери куру убада менен сооротуп келген. Жыйынтыгында минтип кыргыз-тажик чек арасында мурда болуп көрбөгөндөй кандуу окуяга туш болуп отурабыз. 36 жараныбыздан айрылдык. Дагы ондогон адамдар ар кандай жаракаттарды алып, учурда ден соолугу менен күрөшүп жашап жатышат. Аскердик техниканын аткылоосунун алдында калган эл турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырады. Мунун баары жергиликтүү тургундардын үрөйүн учуруп, үшүн алды. Бул азыркы бийликке, бизге тез аранын ичинде чек ара маселесин чечүү керектигин көрсөттү.
Эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз-тажик чек арасын өзүбүздүн кызыкчылыкка тууралап чечип коё турган бир нече ыңгайлуу учур болгон. Тилекке каршы, кезегинде тиешелүү жетекчилер андан колдонуп кала алышкан эмес. Эми азыр абал башка. Ошентсе да биз бул маселени мамлекеттин, элдин, жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечкенге далалаттанып жатабыз.
Эки мамлекет тарабынан тең түзүлгөн атайын комиссия бар. Алар бири-бири менен тыгыз иштешүүдө. Кезегинде мен да бул комиссияга мүчө болгом. Ал учурларда батыл аракет жасап, чечим кабыл ала алган эмеспиз. Оор участокторго келгенде эптеп эле убакыт өткөрүп, маселе ачык бойдон калып келген. Ал эми азыркы түзүлгөн чек ара боюнча комиссиянын дымагы күч. Буюрса, тарыхый чечимдерди кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы чыр чыгарган маселелерге чекит кое алышат деп үмүт артып турам. Ушул жылдын июль айында Тажикстандын комиссиясы Кыргызстанга келет. Келишимдер ушундай түзүлгөн. Бул жактан да карталардын негизинде чек араны тактоо иштери жүрөт. Албетте, оңой эмес иш жасоо керек болуп турат. Кээ бир аймактарды алмашууга, айрым жерлерди берүүгө, башкасын алууга туура келет. Мына ушунун баарын эки тараптын тең кызыкчылыгын сактоо менен ишке ашыруу керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековПолковник Абдикарим Алимбаев: чек арага жакын жашаган калктын чочулоосу дагы деле бар. Аларды түшүнсө болот. Ушунча жылдан бери тирүү чеп болуп жашап келишет. Коргоп, бейпил күн кечиришине шарт түзүп бергендин ордуна бийлик 29 жылдан бери куру убада менен сооротуп келген
Начальник Главного штаба, первый заместитель председателя ГПС Абдикарим Алимбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Полковник Абдикарим Алимбаев: чек арага жакын жашаган калктын чочулоосу дагы деле бар. Аларды түшүнсө болот. Ушунча жылдан бери тирүү чеп болуп жашап келишет. Коргоп, бейпил күн кечиришине шарт түзүп бергендин ордуна бийлик 29 жылдан бери куру убада менен сооротуп келген
— Облуста көчөнүн бир тарабында тажик жарандары жашаса, экинчи бетинде кыргыздар отурукташкан айылдар бар. Мындай жерлерде элдин бири-бири менен мамилеси, жашоосу кандай болууда?
— Ооба, бул айылдар эки тараптын тең тургундары үчүн ыйык кичи мекени, ата журту. Алар жылдар бою эле кошуналык ынак мамилени сактап, ынтымакта жашап келишкен. Апрель окуяларынан кийин эки тараптан тең чочулоолор болуп, биз өз жарандарыбызды көчүрүп баралы десек "эмнеге аркы беттеги тажик кошуналардын жарыгы күйбөй турат, алар келип жашабаса, демек, дагы ок атылышы мүмкүнбү" деген суроолор жаралып жатты. Биз тажик тарапка кайрылып, алар дагы жергиликтүү тургундарын өз үйлөрүнө кайтарып келүүсү керектигин айтып, тез арада элдин бейпил жашоосун камсыздаганга аракет кылдык. Учурда эки тараптын тең эле тургундары келип, өз тамдарында күн кечиришүүдө. Элди коопсуздандырган абалдан чыгарып, тынч тиричилиги үчүн жума сайын Согди облусунун губернатору, райондорунун акимдери, чек ара кызматынын жетекчилери жана башка тиешелүү органдарынын башчылары менен биргеликте так ошол чек ара тилкесинде жолугушуу өткөрүп жатабыз. Анда бир жума ичинде мурда түзүлгөн протоколдор бузулдубу, ким тарабынан, кандай учурда деген маселелер көтөрүлүп, алдыдагы жумага чогуу жасалуучу иш пландар бекитилип жатат.
Бөрү атайын дайындоодогу отрядынын аскери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Чек арада чеп болгон "Бөрүлөр". Спецназ тууралуу баян
Мындан сырткары, эки мамлекеттин милиция кызматкерлери кыргыз, тажик аралаш жашаган айылдарда биргеликте нөөмөт жүргүзүшүүдө. Буга чейин мындай милиция кызматтары түзүлгөн эмес. Ошондой эле бул тартип сакчылар көзөмөлдөгөн атайын өткөрүү пунктулары ачылган. Ал жерде 24 саат бою эки өлкөдөн экиден төрт милиция кызматкери чек арадан кирип чыккандарды каттоого алып, маселен, кыргызстандык болсо кайра айылга кайтып кирдиби, ур-токмокко алынып калган жокпу деген сыяктуу маселелерди жеринде көзөмөлдөп турушат. Аралаш жашаган аймактарда тургундар мал издеп же тууганыныкына барыш үчүн деле чек араны кесип өтүшү керек болот да. Ушундай учурларда бул милиция кызматкерлеринин эмгеги чоң. Алар айыл аралап коомдук тартипти сактоо учурунда да кандайдыр бир чыр-чатак чыккан болсо, эгер ал кыргыз жарандарына тиешелүү болсо биздин милиция, тажикстандык үй-бүлөдө жаралган түшүнбөстүк болсо өздөрүнүн тартип сакчылары абалды жөнгө салат. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда турмуш-тиричиликке байланышкан майда маселе болсо дароо ошол жерден эки тараптын милициясы биргеликте чечкенге аракеттенишет.
Бул биргеликте иш алып баруу жергиликтүү тургундарды себепсиз беймаза болуудан арылтат экен. Маселен, мурда тажик жарандарынын чыр-чатагын чечүү үчүн өздөрүнүн милициясы баратса, аны көргөн биздикилер чочулай берчү же тескерисинче эле. Эми бул маселе чечилди.
— Кандуу окуяда 36 адам көз жумду. Жүздөгөн үйлөр, мекемелер талкаланды, өрттөлдү. Аларды калыбына келтирүү иштери кайсы баскычка келип жетти? Жабыркаган үй-бүлөлөр суукта чатырда жашабай, өз тамдарына кирип калышабы?
— Алгач 136 турак үй деп тизме түзүлгөн. Кийинчерээк дагы төрт там кошулду. Ошону менен учурда 140 үй курулуп жатат. Мындан сырткары, 36 каза болгон жаранга аталып Баткен шаарында 36 там салынууда. Бул шаарда курулуп жаткан үйлөр 70-80 пайызга чейин аяктап калды. Анын курулушун биздин патриот жаштар, кыргыздын эл кыйналганда четте карап турбаган улан-кыздары колго алган. Башкача айтканда, ички донорлордун демилгеси, жардамы менен ишке ашууда. Ал эми 140 үй дагы Лейлек районунда чек арага жакын жайгашкан айылдарда талкаланган үйлөр. Алардын ээлери ушу тапта чатырда жашап турушат. Бул тамдар президент тарабынан табылган каражатка курулууда, Түркия көмөк иретинде салып берип жаткандары да бар. Мындан сырткары, бала-бакча, ФАП сыяктуу социалдык объектилерди да калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул курулуштардын бардыгын 31-августка чейин бүткөрүп, жабыркаган элди жаңы үйлөрүнө киргизүүнү пландап, белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей ишке ашырабыз. Суукта эл чатырларда жашап калышына жол бербейбиз.
© Sputnik / Табылды КадырбековПолковник Абдикарим Алимбаев: алгач 136 турак үй деп тизме түзүлгөн. Кийинчерээк дагы төрт там кошулду. Ошону менен учурда 140 үй курулуп жатат. Мындан сырткары, 36 каза болгон жаранга аталып Баткен шаарында 36 там салынууда
Полпред кабмина в Баткенской области Абдикарим Алимбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Полковник Абдикарим Алимбаев: алгач 136 турак үй деп тизме түзүлгөн. Кийинчерээк дагы төрт там кошулду. Ошону менен учурда 140 үй курулуп жатат. Мындан сырткары, 36 каза болгон жаранга аталып Баткен шаарында 36 там салынууда
Муну менен катар Түркия тарабынан Баткен шаарына заманбап стадиондун курулушу мерчемделүүдө. Ал Орто Азияда жок стадион болот. Чийилген долбоору даяр, эски стадиондун ордуна курулат. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Баткенге келип, сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул аталган мамлекет тарабынан баткендиктерге белек болмокчу. Эл да макулдугун берип, кызыгуу менен күтүп жаткан маалы.
Ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусунда да бир канча документтерге кол коюлган. Анын алкагында Фергана облусу менен Баткен облусунун достук алакасы да айтылган болчу. Жакында эле бизге ферганалыктар келип, эки заманбап, чоң мектеп куруп берүүнү убадалашты. Баткен районунун Самаркандек айылына 400 орундуу, Лейлек районунун Маргун кыштагына 300 орундуу билим уялары курулмакчы.
— Кыйынчылык башка түшкөндө бир муштумдай бириккен кыргыз эли бул ирет да четте карап турган жок. Ушул кыргыз-тажик окуясынан жабыркаган аймактарга жардам иретинде карапайым калк, ал тургай эмгек мигранттары да акча которуп жатышты эле. Канча суммада каражат топтолду, кандай максатта колдонулуп жатат?
— Туура. Башыбызга мүшкүл түшкөндө бир билекке бириге калган асыл сапатыбыз бар. Эгер дайыма ушундай ынтымакта жашасак, алдыбызга ат салдырбаган өлкө болор элек. Апрелдеги чек ара жаңжалынан жабыркагандарга көмөк иретинде акча которуп, башка жардамдарды берген бардык кыргызстандыктарга Баткен элинин атынан терең ыраазычылык билдирем. Элди ээнсиретип башына түшкөн мүшкүлдө жалгыз калтырбай, башка облустун тургундары колдоп кеткени жергиликтүү тургундарга абдан чоң дем-күч берди.
Атайын ачылган эсепке 115 миллион сом каражат чогулду. Ал акча жабыркаган айылдын тургундары үчүн жиберилгендиктен так ушул максатта жумшайлы деп пландадык. Ошол талкаланган аймактын эли, депутаттары, өкмөтү менен жолугуп, муктаждыктарынын тизмеси түзүлгөн. Андыктан бул каражат жаңжалдан жабыркаган айылдарга бала бакча, спорттук аянтча же башка бир социалдык маселелерин чечүүгө коротулат.
— Буга чейин Маргундагы аскер шаарчасынын курулушу президент Жапаров барып капсула салып кеткенден кийин токтоп калгандыгы тууралуу маалымат тарады эле. Учурда бул объектте иш улануудабы?
— Ооба, курулуш иштери пландык негизде эле жасалып жатат. Ушул жерден мен бир нерсени баса белгилеп айтып кетким келет. Аскер шаарчасы, ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнүн күйүп кеткен мекемесинин калыбына келтирилиши жана башка аскердик макамдагы мекемелердин курулуш иштери ачыкталбашы керек. Сүрөткө, видеого тартылып интернет аркылуу калкка жайылбашы шарт. Алардын каеринде эмне жайгашып жаткандыгын жөнөкөй жарандар билүүсү зарыл эмес. Биз мындай маалыматтарды таратуу менен кайра эле өзүбүзгө коркунуч жаратып жатпайбызбы. Курулуш сыр бойдон сакталуусу абзел. Ушуга биздин эл, массалык маалымат каражаттары, блогерлер түшүнүү менен мамиле жасаса жакшы болор эле.
Мени капаланткан бир маселе бар. Ушул Баткен окуясынан кийин облуска кимдер гана келген жок. Ар ким ар түрдүү маалыматтарды таратып жатты. Өзгөчө айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү "ылай чаап жаткан кетмениңдин сабы кыйшык экен" деген сыяктуу болбогон сөздү айтып, обу жок сын-пикирлерди жарыялашты. Бул эми ээнбаштык да. Тартип деген болушу шарт. Адам каны төгүлгөн, жер, суу сыяктуу стратегиялык маанидеги көйгөйлөр көтөрүлгөн жаңжал болуп отурат. Дүйнө бизди карап турат. Ошол жердеги тирүү чеп болуп жашап жаткан элди сыйлап болсо да мындай учурда бардыгыбыз өз өлкөбүздүн патриоту болушубуз керек да.
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в БаткенеПолковник Абдикарим Алимбаев: башыбызга мүшкүл түшкөндө бир билекке бириге калган асыл сапатыбыз бар. Эгер дайыма ушундай ынтымакта жашасак, алдыбызга ат салдырбаган өлкө болор элек
Рабочая поездка полпреда Баткенской области Абдикарима Алимбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Полковник Абдикарим Алимбаев: башыбызга мүшкүл түшкөндө бир билекке бириге калган асыл сапатыбыз бар. Эгер дайыма ушундай ынтымакта жашасак, алдыбызга ат салдырбаган өлкө болор элек
— Облуска өзгөчө макам берилери айтылды эле...
— Бул боюнча республикалык деңгээлде атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ага министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары баш болгон бардык тиешелүү органдардан мүчөлөр кирген. Азыр облусту өнүктүрүү иш планы жазылып жатат. Анын алкагында аткарылчу бир топ жумуштар мерчемделүүдө. Алсак, жергиликтүү тургундарды салыктардан бошотуу, пенсия, жөлөк пулун жогорулатуу, Баткендин аймактарына ишкерлик кылам деген бизнесмендерге жеңилдик берүү сыяктуу пунктулар бар. Программанын мөөнөтүн алгач 10 жылга деп, кийин беш жылга кыскартуу маселеси көтөрүлдү. Менин жеке пикиримде үч жылга ылайыктасак да жакшы болот эле. Мунун бардыгы иштин жүрүшүндө белгилүү болот.
Чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Чекисттер менен чек арачылар бириксе эле чек ара көйгөйү чечилеби? Пикирлер
Ошондой эле жергиликтүү калктын балдарын жогорку окуу жайларга окутуп, кайра облуска адис кылып кайтаруу маселеси да курч турат. Бул багытта Коргоо министрлиги менен сүйлөшүп 10 баланын билим алуусуна жетиштик. Алар окууну бүткөн соң кайра өздөрүнүн кичи мекенине келип чек арачы болуп эмгектенишет. Мындай кадамдар көп социалдык маселелерди чечет. Биринчиден, жаштардын аймактан чыгып кетүүсүн азайтат. Экинчиден, ошол келген жаш кадрдын жашай турган жери, үй-бүлөсү менен чогуу болуусу сыяктуу көйгөйлөр жаралбайт. Анын үстүнө жергиликтүү балдар жердин ыгын жакшы билет эмеспи. Өз көздөрү менен көрүп чоңойгон, маселени ичинен түшүнөт дегендей.
— Баткен облусун жетектеп калуу планыңызда бар беле же бул сиз үчүн күтүүсүз болдубу?
— Мен аскер адамымын. Иш тажрыйбамдын көп бөлүгүн чек арада өткөрдүм. Кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн канча жылдан бери ичтен билген кишилердин биримин. Бирок эч убакта аскердик кызматымдан алыстап Баткенге губернатор болуп калам деп ойлогон эмесмин. Мен үчүн бул сунуш күтүүсүз болду. Үй-бүлөмдү тынчсыздандырды. Ушундай оор абалда мертинип турган облуста иш алып баруу канчалык кыйынга турарын түшүнүп турдум. Антсе да мен бул сунушту аскер адамы болгондуктан буйрук катары, жетектөө эмес элге кызмат кылуу милдети катары кабылдадым.
Республикалык наркология борборунун өспүрүмдөр бөлүмүн жетекчиси Салтанат Өмүрдинова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жаңжалдан кийин Баткенде көргөнүм үрөйүмдү учурду. Ыктыярчы дарыгердин маеги
Алгачкы суткаларда аскер формамды кийип эле иштеп жүрдүм. Эл менен түн бир убакка чейин чатырларда болуп, орозо учурунда алар менен чогуу ооз ачып, таң атпай кайра келип ал-акыбалдарынан кабар алып жаттым. Ушундай оор күндөрдө мага дем-күч берип таң калтырганы — жергиликтүү тургундардын кайраты болду. Бир метр жерибизди бербейбиз, эч жакка кетпейбиз, айылыбызды таштабайбыз деп турган ак жоолукчан айымдарды көргөндө шердендим. Эркектеринин патриоттуулугу өзүнчө мактоого татыйт. Ар бир ошол жердеги жай тургундан майтарылбаган жоокерди көрө алдым. Алар мага, мен аларга кубат берип ал күндөрдөн да чыктык.
Азыркыга чейин акимдерге, суу чарбачылыгы, электр энергиясы, паспорт, документтер боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери, айтор, бардык тармактагы жетекчилер менен бирге таң заардан каш карайганча тыным албай, ар бир маселени жеринен чечип иштегенге аракеттенип жатабыз. Бизди аскер адамдарындай көрүп жатат деген сөздөр артымдан айтылып калганын да угуп жатам. Бирок бизден мамлекет, кызмат азыр ушуну талап кылууда. Биринчи кезекте бардык жерде тартип болушу керек. Ошондо гана ирети менен иш жасалып, жылыш болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0