Кыргыздын тунгуч музыка таануучусу Балбай Алагушев дүйнө салды

© из личного архива Балбая АлагушеваКыргыздын тунгуч музыка таануучусу, ардактуу профессор Балбай Алагушев. Архив
Кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, ардактуу профессор Балбай Алагушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Алагушев элдик музыка боюнча арбын биографиялык-этнографиялык очерктерди, монографияларды жазып, "Кыргыз музыкасынын энциклопедиясын" да түзгөн.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, ардактуу профессор Балбай Алагушев 85 жашында дүйнө салды. Кабарды жакындары тастыктады.
Алагушевдин бул күндөрү тумоолоп ооруканада дарыланып жатканын айтышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын сөөгү эртең Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Бул инсан кыргыздын залкар ырчыларынын, комузчуларынын, кыл кыякчыларынын аткаруусундагы ыр-күүлөрдү өздөрүнүн аткаруусунда тасмага жаздырып, алтын корду түптөөгө салымын кошкон. Ал эл шайырлары, музыка ишмерлери тууралуу ондогон музыкалык очерктерди, маектерди, баарлашууларды, сүрөттөмөлөрдү даярдаган.
Герой Кыргызстана, народный писатель КР, драматург и кинодраматург Бексултан Жакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев дүйнө салды
Эл агартуунун отличниги, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, ардактуу профессор, эл артисти. Журналисттер, композиторлор, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Балбай Алагушев кыргыз радиосунун алтын казынасынын уюштуруучусу.
1960-жылдан тарта элдик музыканы ар тараптан иликтөөгө баш-оту менен киришкен. Бул жаатта бир топ сандагы биографиялык-этнографиялык очерктерди, монографияларды жазып, басмадан чыгарып, музыкалык сөздүктөрдү, "Кыргыз музыкасынын энциклопедиясын" түзгөн. Жалпыга билим берүүчү мектептердин 5-8-класстардын "Музыка" окуу китептеринин автору.
Балбай Алагушев 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0