БШК Бишкек, Ош, Токмок шаарларына шайлоо бюллетендерин жиберди

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүБюллетеньге печать коюп жаткан кызматкер. Архив
Бюллетеньге печать коюп жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Кайталап шайлоо өткөрүү үчүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 425 532, Ошко – 148 370, ал эми Токмокко — 37 169 бюллетень жөнөтүлдү.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек, Ош, Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөрүү үчүн даяр болгон бюллетендерди жер-жерлерге жөнөттү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Учкун" басмаканасында чыгарылган бюллетендерди бүгүн, 1-июлда, шайлоо комиссиясы кабыл алды.
"Кайталап шайлоо өткөрүү үчүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 425 532, Ош АШКсына – 148 370, ал эми Токмок АШКсына 37 169 бюллетень жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ага массалык мыйзам бузуулар себеп болгон. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0