Тойго барбагыла, вакцина алгыла. Бийликтин мамлекеттик кызматкерлерге сунушу

© AP Photo / Alik KepliczРесторан. Архив
Ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Бийлик мамлекеттик кызматкерлерге аралыктан иштеп, эл көп жүргөн жайлардан оолак болууну сунуштайт.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб министрликтер менен ведомстволорго сунуш берди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова кол койгон документ интернетке чыкты.
Штаб жетекчисинин айтымында, учурда айрым чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы бар.
Сунуштар:
  • кызматкерлерди, өзгөчө 60 жаштан ашкан, өнөкөт оорусу бар жана кош бойлуу адамдарды аралыктан иштөө режимине өткөрүү. Кеңселерди дезинфекциялоо;
  • кызматкерлер менен сырттан келген адамдарды жетекчиликке киргизбөө, жыйындарды онлайн режимде өткөрүү. Кызматкерлерди той, кафе, көңүл ачуу жайларына, музей, кинотеатрларга барбоого чакыруу;
  • кызматкерлерге эмдөөдөн өтүүнү сунуштоо.
Жаңылыктар түрмөгү
0