Ташкенттен Ысык-Көлгө учак каттай баштайт. Графиги

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ""Ысык-Көл" эл аралык аэропорту
Ысык-Көл эл аралык аэропорту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясы Ташкент — Тамчы — Ташкент маршруту боюнча каттамды жумасына бир ирет, жекшемби күндөрү жүргүзмөкчү.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө учак каттай баштайт. Бул тууралуу "Манас эл аралык аэропорту" ААКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 11-июлда Ташкенттен (Өзбекстан) алгачкы каттамды тосуп алмакчы.
"Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясы Ташкент — Тамчы — Ташкент маршруту боюнча каттамды жумасына бир ирет, жекшемби күндөрү жүргүзөт", — деп айтылат маалыматта.
Каттамдын учуу убактысы 1 саат 30 мүнөткө созула турганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0