Адамды билинбей жайлаган жыныстык инфекциялар. Дерматовенерологдун маеги

© Sputnik / Асель СыдыковаМедицина илимдеринин доктору, доцент, дерматовенеролог Мейкин Усубалиев
Медицина илимдеринин доктору, доцент, дерматовенеролог Мейкин Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Акыркы кезде коомчулукта башка оорулар менен катар эле жыныстык катнаш аркылуу жугуучу дарттын саны өсүп жаткандыгын дарыгерлер айтып келет. Бул жарандардын жеке гигиенасынын төмөндүгүнөн жана көбүнчө сексуалдык жактан башаламан турмуш кечирүүсүнөн кабар берет.
Sputnik Кыргызстан агенттигине медицина илимдеринин доктору, доцент, дерматовенеролог Мейкин Усубалиев жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулар кайсылар, аларды дарылоо ыкмалары жана андан коргонуу туурасында маек курду.
— Убакыттын өтүшү менен венерологиялык оорулардын жаңы түрлөрү чыга баштагандай. Эң көп жайылганы кайсылар?
— Венерологиялык оорулардын мурда классикалык беш гана түрү болсо, азыр алар көбөйүп 30дан ашып кетти. Эң кеңири тарагандары ВИЧ СПИД, сифилис, гонорея, трихоманиаз, хламидия, уреаплазма, микоплазма, кандидоз инфекциялары.
— Статистиканы алып караганда мындай дарт менен жабыркагандардын саны кандай өзгөрүүдө?
Профессор, главный уролог Министерства здравоохранения КР Акылбек Усупбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Уролог Усупбаев: жыныс оорулары күчөдү, генофонд коркунучта!
— Эгер дүйнө жүзүн ала турган болсок, бул оорулар дагы деле өсүп жатат. Бардык өлкөлөрдү эсептегенде бир күндө бир миллионго жакын бейтап катталат. Алардын ичинен хламидия, гонорея, сифилис, трихоманиаз менен ооругандар 400 миңге чукулдап кетет. Бул сан жылына 400 миллионго жетет. Ал эми жыныстык органга чыгуучу герпес дүйнө жүзү боюнча 500 миллион кишиден табылса, адамдын папиллома вирусу 300 миллион жарандан аныкталган. Бул абдан көп кездешкен инфекциялар болуп саналат. 2016-жылы дүйнө жүзү боюнча бир миллионго жакын боюнда бар аял сифилис менен ооруса, анын ичинен 200 миңге жакынынын баласы өлүү төрөлгөн же боюнан түшүп калган.
— Азыр жыныстык жол аркылуу жуккан инфекция менен жабыркаган адамдар кимге кайрылышы керек?
— Мурда дерматовенерологдорго келишчү. Бул жагы монополия болчу. Бирок Советтер Союзу кулагандан кийин жыныстык жол менен жуккан инфекциялар боюнча аялдар гинекологго, эркектер урологдорго кайрылат. Бул деле туура. Анткени курч мүнөздөгү ооруларды дерматовенеролог дарыласа, ал эми өнөкөткө айланып, кээде операцияга муктаж болгон учурда акушер-гинекологдор же урологдор дарылап калат. Башкача айтканда, бул көп адистин кароосуна муктаж оору.
© Sputnik / Асель СыдыковаМейкин Усубалиев: Венерологиялык оорулардын мурда классикалык беш гана түрү болсо, азыр алар көбөйүп 30дан ашып кетти. Эң кеңири тарагандары ВИЧ СПИД, сифилис, гонорея, трихоманиаз, хламидия, уреаплазма, микоплазма, кандидоз инфекциялары.
Врач-дерматовенеролог, доктор медицинских наук, доцент Мейкин Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мейкин Усубалиев: Венерологиялык оорулардын мурда классикалык беш гана түрү болсо, азыр алар көбөйүп 30дан ашып кетти. Эң кеңири тарагандары ВИЧ СПИД, сифилис, гонорея, трихоманиаз, хламидия, уреаплазма, микоплазма, кандидоз инфекциялары.
— Жаш өзгөчөлүктү алып карай турган болсок, тобокел тобуна кимдер кирет?
— Тобокел тобуна сексуалдуу активдүү курактагы, 18 жаштан 30 жашка чейинки адамдар кирет. Экинчи тепкичте 30 жаштан 45 жашка чейинкилер турат. Бирок аялдар менен эркектер дүйнөлүк статистика боюнча венерологиялык инфекцияларга бирдей эле кабылат. Бул жагынан айырмачылык жок.
— Мындай инфекциялар тукумсуздукка да алып келиши мүмкүн экен...
— Тукумсуздукка бактериялык оорулар, башкача айтканда, бактерия чакырган хламидия же уреаплазма, микоплазма деген оорулар алып келет. Бактериясы өлчөмү боюнча вирустай эле. Бул оору курч мүнөздө өтпөйт, инкубациялык мезгилинде оорунун белгилери байкала баштайт. Ошол маалда адам башкаларга да жугузуп коюшу толук мүмкүн. Азыр хламидия инфекциясы көп кездешет, гонореядан да биринчи орунга чыгып кетти. Хламидия чакырган оорунун 15 түрү бар. Бул оору эркек кишилерде дароо эле кабылдап кетип, инфекция уретрадан акырын өтүп простата бездерин, анын жанындагы башка бездерди да жабыркатат. Андан ары урук алып өтүүчү түтүкчөлөр аркылуу жумурткага түшүшү мүмкүн. Жумурткада сперматогенез процессине (гормондордун жөнгө салуу таасири астында пайда болгон эркек жыныс клеткаларынын өнүгүшү — ред.) түздөн-түз терс таасир тийгизип, сперматозоиддерди жабыркатат. Андан кийин урук алып өтүүчү каналдар спайка болуп, уруктар бери жакка өтпөй, эркектер балалуу боло албай калат. Жумуртканын жанындагы бездер сезгенгенде ал да ириңдеп кетип, операция жасатууга туура келет.
Беременная женщина. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2020
ВИЧ жугузуп алган келин: толгоом бышып турса да доктурлар албай кыйналдым
Ошондой эле аялдардын да тукумсуздукка кабылуусу кездешет. Буга гонококк инфекциясы жана ошол эле хламидия таасир берет. Аталган инфекциялар жатын моюнчасындагы каналдан өтүп, жатынга кирип былжыр челдеги жатын түтүгүндө спайкаларды пайда кылат. Ошондон улам тукум улоо процессинин жүрүшүндө урук ары өтө албай, ал түтүктөргө бүтүп калат (внематочная беременность). Мында, коркунучтуусу, түтүк жарылып кетиши ыктымал. Анда операция жасоого туура келет. Эгер жатын түтүгү такыр эле бүтөлүп калса, анда аялдарда тукум улоо процесси жүрбөй, тукумсуздукка кабылат. Мында да жакшы дарылануу кажет. Жатын түтүгү бүтөлгөндө дарыланбай жүрө берсе, ал жерден ириң агып, абцессти пайда кылат. Инфекциянын бул кабылдап кеткен түрү жаман дарттарга да алып келиши мүмкүн.
— Жогоруда жугуштуу ооруларды алып жүргөн инфекцияларды санап өттүңүз. Мындай инфекциялардын ичинен жубайлар чогуу колдонуучу сүлгү, даараткана же болбосо бассейн аркылуу жугуп калышы мүмкүн болгондор барбы?
— Бул инфекциялардын көбү, 95 пайыздан ашыгы, жыныстык катнаш аркылуу жугат. Негизинен буга биологиялык суюктуктар себепчи болот. Турмуш-тиричилик буюмдары аркылуу жуга тургандар аз. Анткени инфекциялар сырткы чөйрөгө туруктуу эмес. Сифилистики колдонуучу буюмдар аркылуу жукканы бир пайыздан азыраак болот. Гонококк инфекциясы да сыртта жашай албайт, кичине кыздарга горшок аркылуу же апасы сүртүнгөн сүлгү аркылуу жугуп калганы кээде кездешип калат. Бирок бул өтө аз. Кандидоз өңдүү мите козу карындар чакырган инфекциялар болот. Негизи кандида сапрофиттик флорасы — адамдын канында, ичегиде, ооз көңдөйүндө, аялдардын жатын кынында кездешет. Алардын ооруга айланып кетиши үчүн иммунитеттин түшүп кетиши, кант диабети, туура эмес тамактануу, витаминдердин азайып кетиши сыяктуу шарттар керек. Анан ал барып инфекцияны активдештириши мүмкүн. Ошондой эле бактериалдык вагиноз да жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оору деп эсептелгени менен окумуштуулардын айтуусу жана өзүмдүн байкоом боюнча аял кишинин жатын кынындагы флоранын өзгөрүшүнөн келип чыккан жаман бактериялардан пайда болот. Тактап айтканда, организмдеги жаман бактериялар лакто өңдүү пайдалуу бактериялардан көбүрөөк болуп кеткенде бактериалдык вагиноз оорусу келип чыгат.
© Sputnik / Асель СыдыковаУсубалиев: Тобокел тобуна сексуалдуу активдүү курактагы, 18 жаштан 30 жашка чейинки адамдар кирет. Экинчи тепкичте 30 жаштан 45 жашка чейинкилер турат. Бирок аялдар менен эркектер дүйнөлүк статистика боюнча венерологиялык инфекцияларга бирдей эле кабылат.
Врач-дерматовенеролог, доктор медицинских наук, доцент Мейкин Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Усубалиев: Тобокел тобуна сексуалдуу активдүү курактагы, 18 жаштан 30 жашка чейинки адамдар кирет. Экинчи тепкичте 30 жаштан 45 жашка чейинкилер турат. Бирок аялдар менен эркектер дүйнөлүк статистика боюнча венерологиялык инфекцияларга бирдей эле кабылат.
— Демек, гигиена сакталса эле буюмдар аркылуу жугуу коркунучу жокко эсе турбайбы?
— Ооба.
— Мындай оорулардын кээ бирлери дароо билинсе, айрымдары организмде жылдап байкалбай жүрө берет экен. Симптомдорундагы айырмачылыктар тууралуу сөз кылсак?
— Мисалы, гонококк бактериясынын инкубациялык мезгили аябай эле аз. Эки-үч күндөн беш күнгө чейин эле болот. Узарып кеткени чанда. Оору курч мүнөздө өткөн кезде адамдар, өзгөчө эркектер, тезирээк врачка кайрылганга аракет кылат. Анткени уретрит сийдик түтүкчөсү ачышып, кычышып кыйнайт. Ал эми хламидиоз, уреаплазма жана микоплазманын инкубациялык мезгили 30 күн. Ошондуктан булар узак убакытка билинбей жүрө берет. Кээде оору өзү эле акырын өтүп кетсе, айрым учурда күчөп кетет. Кабылдап кеткенде гана бейтап дарыгерге кайрылышы мүмкүн. Сифилистин инкубациялык мезгили үч-төрт жума, ошол себептен адам ооруп жүргөнүн билбейт. Андан кийин жыныс органдарына жара чыгат. Бирок ал оорутпайт. Мында деле бейтаптардын көбү дарыгерге кайрылбай, жыныстык катнашка барып, башкаларга жуктуруп жүрө беришет. Бул кооптуу. Аталган симптомдор төрт-алты жумада өзү эле бүтүп, жарасы кетип калат да, бир аз жүрүп сифилистин экинчи тепкичине өтөт. Анда адамдын ички органдары жабыркайт. Анан үчүнчү тепкичине өткөндө нерв системасы жабыркап, оорунун кечиккен формасына кептейт. Натыйжада адамды майыптыкка да алып келет. Ошол себептен булардан абайлап жүрүү керек.
— Башка илдет менен ооруканага барып эле жугуштуу дарты да бар экендиги аныкталып калгандар болсо керек?
— Ооба, көбүнчө жабык формадагы ооруларда кездешет. Кээ бирде адам пландык операцияга даярданып жатканда чыгып калган убактар болот.
— Мындай илдеттер менен ооруканага барууну уят көрүп барбай же өз алдынча дарыланууга өткөндөр бар. Бул канчалык деңгээлде кооптуу?
Санитардык-эпидемиологиялык департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Лабораториялык борбордун жетекчиси: вирус барган сайын өзгөрүп жатат
— Адамдын организминде бир эле инфекция болуп калса (моно инфекция — ред.), мисалы, гонорея менен жабыркаса же мурда да ооруган болсо, дарыканадан эле буга чейин алган дарысын алып, аны менен айыгып кетиши ыктымал. Мындай ыкма биринчи же экинчи жолу ийгиликтүү аякташы мүмкүн. Бирок үчүнчү жолу мындай болушу күмөн. Анткени инфекция жалгыз жүрбөйт. Мисалы, гонококк трихомонада, хламидия менен жүрүшү мүмкүн. Ошол үчүн гонококкту дарылаган цефтриаксон дарысы трихомонада же башка инфекцияларга таасир этпейт. Ошондуктан бул жерде алгач дарыгерге кайрылып, анализ тапшырып, кайсы инфекциялар бар экенин аныктап туруп анан дарылаган туура болот.
— Анализ канча этаптан турат?
— Кээ бир өлкөлөрдө оорунун белгилерине карап мамиле жасалат. Мисалы, уретрадан ириң же башка суюктук бөлүнүп чыкса жана ооруп, ачышса эки антибиотик берип трихомонаданы кошумча дарылап кетсе болот. Эгер мүмкүнчүлүк болсо аял кишилер мазок тапшырып, инфекциялардын бар-жогун аныктап алат. Ал эми хламидиоз өңдүү жабык түрдөгү белги менен жабыркагандарга атайын анализ тапшыруу керек.
— Азыр кандай дарылоо ыкмалары бар?
— Клиникалык протоколдор беш жыл сайын каралып, оңдолуп, түздөлүп турат. Азыркы учурда убагында кайрылса мен айтып кеткен сифилис, хламидиоз, гонококк, уреаплазма ооруларын толук дарыласа болот. Ал эми жыныс мүчөсүнүн герпеси, ВИЧ СПИД өңдүү вирустук инфекцияларды дарылоо кыйын жана толук сакайтуу мүмкүн эмес.
© Sputnik / Асель СыдыковаДарыгер: Бул инфекциялардын көбү, 95 пайыздан ашыгы, жыныстык катнаш аркылуу жугат. Негизинен буга биологиялык суюктуктар себепчи болот. Турмуш-тиричилик буюмдары аркылуу жуга тургандар аз. Анткени инфекциялар сырткы чөйрөгө туруктуу эмес.
Врач-дерматовенеролог, доктор медицинских наук, доцент Мейкин Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Дарыгер: Бул инфекциялардын көбү, 95 пайыздан ашыгы, жыныстык катнаш аркылуу жугат. Негизинен буга биологиялык суюктуктар себепчи болот. Турмуш-тиричилик буюмдары аркылуу жуга тургандар аз. Анткени инфекциялар сырткы чөйрөгө туруктуу эмес.
— Ошол дарылоо мезгилинде бейтаптарга эмне сунушталат. Мисалы, жыныстык катнашка барбай туруу керек да...
— Албетте, жыныстык катнашка барууга болбойт. Көбүнчө бейтаптар дарылангандан кийин канча убакыттан соң жыныстык катнашка барууга болорун сурашат. Бул эми хламидияда дарылоо курсу бүткөндөн кийин бир айдан соң кайрадан ПЧР тест тапшырылат. Эгер таза чыкса кошулууга болот. Ал эми гонококк инфекциялары бат эле айыгат. Мурун Советтер Союзу убагында үч жолу анализ алып, таза чыкса анан уруксат берилчү. Азыр бир жолу эле анализ алынат, таза чыкса жети же 14 күндөн кийин уруксат берилет. Ушул аралыкта бейтап кайрадан келип дагы бир жолу анализ тапшырып койсо жакшы.
Ал эми туруктуу түгөйлөр экөө тең чогуу дарыланышы керек. Бирөө жакшы дарыланып, экинчисинде калып калса ал кайра жугузат. Анан ушинтип эле оору улам кайталана берет.
— Жаңы үй-бүлө курууга кадам таштаган жаштар да алдын ала текшерилип алганы туура эмеспи. Көбү мындан качышат...
DzenSoulLook коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги
— Ооба, профилактикалык иштердин баштапкы, орто жана кийинки түрү бар. Өзгөчө баштапкы профилактиканы аябай жакшы жүргүзүү керек. Ал жеке жана коомдук болуп бөлүнөт. Элге ар кандай оорулар тууралуу түшүндүрмөлөрдү берип, буклеттерди, плакаттарды жасап, аны оорукана, бейтапканаларга таратып, алар аркылуу элди маалымат менен камсыздоо баштапкы коомдук профилактика болуп саналат. Ал эми жеке алдын алууда адамдарга бир гана туруктуу түгөй менен жыныстык катнашка баруу керектигин, эки же андан көп адам менен болуу туура эместигин, презерватив бардык оорудан коргоп турарын жана аны колдонуунун маанисин түшүндүрүп беребиз. Эгер презервативсиз кошулуп кала турган болсо, уретраны хлоргексидин, мирамистин деген атайын суюктуктар менен жууп койсо болот. Бирок алар кээ бир бактерияларды өлтүрүшү мүмкүн, ал эми вирустарга кепилдик жок. Бул да абдан кооптуу. Абайлаш керек.
— Жогоруда вирустар бактерияларга караганда алда канча коркунучтуу деп калдыңыз. Бул вирустарга вакцина барбы? Кантип сактанууга болот?
— Ооба, чет өлкөдө вирустарга вакцина жасалып турат. Мисалы, папиллома вирусуна каршы вакцина балдарга 12-13 жашында сайылат. Эгер кандайдыр  бир себептер менен алынбай калса, аялдарга 21, эркектерге 26 жашына чейин саюуга болот. Биз да папиллома инфекциясына каршы вакцина сайып турууга жетишсек абдан жакшы болот эле. Анткени жатын моюнчасынын рагы, жатын рагы ушул оорулардан улам келип чыгат. Бул вакцинаны алып койсо абдан пайда. Бирок ВИЧ СПИДге жана гепатиттин С түрүнө вакцина чыга элек.
Маекти Sputnik Кыргызстан радиосунан уксаныздар болот:
Усубалиев: жыныстык жол менен жукчу оорулардын көбү симптомсуз болот
Жаңылыктар түрмөгү
0