Бош орун аз. Бишкекте коронавирус жугузгандар кайда кайрылат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Воронцовка айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда бош орундар салыштырмалуу көбүрөөк.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкектин ооруканаларында коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн аз эле орун калды.
Мындай бүтүмгө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин саат 11:30га карата берген маалыматына таянып келүүгө болот.
Орун калбай калган ооруканалардын тизмеси:
  • Улуттук хирургия борбору;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана;
  • № 1, 6 шаардык ооруканалар;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана;
  • Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү, урологиялык бөлүмү, мобилдик госпиталь;
  • Улуттук фтизиатрия борбору;
  • Аскер госпиталы;
  • Республикалык дерматовенерология борбору.
Төмөнкү ооруканаларда орундар бар:
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 151;
  • № 2 төрөт үйү — 31;
  • Республикалык наркология борбору — 5;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 3;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 1.
Министрликтен билдиргендей, кардиология жана терапия, гематология жана онкология, хирургиялык борбор, № 2 төрөт үйү коронавирус менен ооруп калган өз профилиндеги бейтаптарды гана кабыл алат. Калган ооруканалар илдет жуктургандардын бардыгын кабыл алып, дарылайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0