Бийлик: Баткенди өнүктүрүү программасы элдин пикирин эске алуу менен түзүлөт

© Sputnik / Акылбек БатырбековГород Баткен. Баткенская область
Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Баткен облусун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия аймакка барып, программа түзүү үчүн элдин пикирин угуп жатат.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Баткен облусун өнүктүрүү программасы жергиликтүү тургундардын пикирин эске алуу менен иштелип чыгат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Рахмон: чек арадагы акыркы окуя көйгөйдү сүйлөшүү менен чечүү керектигин көрсөттү 
Жумушчу топтун мүчөлөрү жергиликтүү тургундар менен жолугуп, анда кыргыз-тажик чек ара чатагынын жүрүшүндө талкаланган турак жайларды жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүүгө, жерди трансформациялоо, ичүүчү таза суунун жетишсиздиги, жолдордун курулушу, жеңилдетилген кредиттердин берилишине тийиштүү көйгөйлөр тууралуу сөз болду.
"Жолугушууда облусту өнүктүрүү боюнча жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган сунуштар тизмектелип жатат. Бул абдан маанилүү, анткени жергиликтүү тургундар аймактын көйгөйлөрү тууралуу жакшы билишет. Баткен тургундарынын ар бир пикири эске алынат", — деди Асанкулов.
Буга чейин "Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыгып, 2021-жылдын 2-апрелинде өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган
Ал эми 28-30-апрелде Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын ишинин алкагында аймакты өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыкмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0