Депутаттар Коронавируска каршы күрөшүү штабын парламентке чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Нурдинов "депутаттар быйыл да бизге жардам бербей эс алууга чыгып кетти" деп сөзгө калбоо үчүн бүгүн көзөмөл кылууну сунуштады.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жетекчилерин парламентке чакырды.
Бүгүнкү жыйында эл өкүлү Бейшеналы Нурдинов соңку бир күндө 1 965 адамдан коронавирус аныкталганын белгилеп, штабдын алдын алуу боюнча жасап жаткан иштерин угууну сунуштады.
"Элдин көбү эле ооруп жатат азыр, расмий статистикага катталбагандар дагы бар. Былтыркыдай болуп убагында көзөмөл жасабай калып, "депутаттар бизге жардам бербей эс алууга чыгып кетти" деп сөзгө калбайлы. Бүгүн штабды чакырып угуп койбосок болбойт. Эмне иш кылып жатканыбызды эл уксун", — деди Нурдинов.
Андан соң вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бул маселе күн тартибине киргизилгенин билдирди.
Белгилей кетсек, ЖК регламенти боюнча депутаттар июнь айынын соңунда эки айга каникулга тарайт. Демек, бүгүн сессиянын акыркы жыйыны жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0