Организмди вакцинацияга кантип даярдоо керек. Дарыгердин кеңеши

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер бейтап менен COVID-19га каршы эмдөө учурунда. Архив
Медициналык кызматкер бейтап менен COVID-19га каршы эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Дарыгер эмдөөгө чейин аллергияга каршы препараттарды ичсе эмдөө жеңил өтөт деген ой жаңылыштык экенин белгиледи.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Адамдар коронавируска каршы вакцинаны ар түрдүү көтөрөт, бирок эмдөө алдында бир нече эрежени эске алуу пайдалуу экенин Sputnik радиосуна дарыгер-терапевт, "Коронавирус: кантип коргоонуу керек?" китебинин автору Ольга Кашубина айтып берди.
Анын билдиришинче, организм вакцинага кандай реакция кыларын айтуу кыйын, айрымдар эки дозаны тең жеңил эле көтөрсө, кээ бирөөнүн дене табы көтөрүлүп, денеси, бөтөнчө ийне сайган жери оорутат.
Ошондуктан Кошубина биринчи дозаны аларда бошураак убакытты тандаган оң экенин билдирди. Адатта алгачкы жолу вакцина сайдырганда абал кандай болсо, экинчиси да ошондой өтөт.
"Жума күнү же болбосо тынчыраак күндө вакцина алууга кеңеш берем. Эч нерсеге тынчсызданбай, организмди бош койгон оң, болбосо опкоолжуткан абал препараттын кыйыр таасирин шартташы мүмкүн", — деген дарыгер.
Ал эмдөөгө чейин антигистаминдик препараттарды ичсе эмдөөнү жеңил көтөрөт деген ой жаңылыштык экенин кошумчалаган.
Эмгек мигранттарын эмдөө учурунда медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Москвада мигранттар эки жерде COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп жатат
"Илгертеден эле вакцинанын бардык түрүн аларда аллергияга каршы дары-дармектерди ичип койсо жакшы деген туура эмес кеңеш айтылып келет", — деди Кашубина.
Бирок дарыгер дене табын түшүрө турчу каражаттарды камдап алууну сунуштады. Алар баш ооруну жазып, денедеги ысыкты эле кетиргенге жардам берет, ал эми антителонун тезирээк иштелип чыгышы менен иммундук реакцияга таасир этпейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0