Адис: өз келбетине нааразы болуу эпидемияга айланып бара жатат

© Фото / Pixabay / StockSnapКүзгүгө карап турган кыз. Иллюстративдик сүрөт
Күзгүгө карап турган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Дүйнөдө жаштар өз келбетине болуп көрбөгөндөй көңүл буруп калгандыктан, психологдор арасында "өң-келбет перфекционизми" деген түшүнүк пайда болду.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Адам баласынын өз келбетин жактырбай депрессияга учурашы эпидемияга айланып бара жатат. Бул тууралуу Москва мамлекеттик психология-педагогикалык университетинин окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып РИА Новости жазды.
Адистердин айтымында, ушул тапта дүйнөдө жаштар өз келбетине мурда болуп көрбөгөндөй көңүл буруп калгандыктан, психологдор арасында "өң-келбет перфекционизми" деген түшүнүк пайда болду.
"Акыркы 20 жыл ичинде сулуулуктун жаңы стандарттары калыптанды. Өзгөчө кыз-келиндер арасында өтө арык, чымыр денелүү, кемча белдүү болуу сулуулук деп эсептелип, көбү ушул талапка жооп берүүгө аракет кылууда. Ага жете албагандар өзүнүн дене боюн жек көрүп, психологиялык жактан жабыркап жатат", — деп айтылат макалада.
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Радио
Мурзаев: адам максатты туура кое билсе өнүгөт
Илимпоздор келбети "идеалга" туура келбеген жаштар жетиштүү тамактануудан баш тартып, мунун кесепетинен бүткүл организм жабыркап жатканын айтат.
Москва мамлекеттик психология-педагогикалык университетинин адистери жаштарды мындай нерседен сактоо үчүн өз дене боюн, келбетин кабыл алып, гармонияда жашоого жардам бере турган ыкманы иштеп чыгууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0