Дарыгер: тузду көп колдонуу онкологиялык дартка кептеши мүмкүн

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТуз. Архив
Туз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Медик күнүмдүк рациондон туздун көлөмүн азайткан адамды шишик көп баспай турганын да белгилеген.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников тузду ашыкча колдонуу онкологиялык ооруларга жана инсультка себепкер болушу ыктымалдыгын айтканын РИА Новости жазды.
"Негизи бир адамга күнүнө беш грамм гана туз жетиштүү. Биз болсо ашыкча, 12 грамм колдонуп жатабыз. Гипертония менен жабыркагандар жана 50 жаштан өткөндөр 2,5 грамм эле туз колдонушу шарт", — деген дарыгер.
Адистин айтымында, тузду нормадан ашыкча колдонуунун аягы аянычтуу бүтүшү мүмкүн.
"Тузду көп жегендер рак оорусуна, инсультка кабылышы ыктымал", — деди медик.
Мясников күнүмдүк рациондон тузду азайткан адамды шишик көп баспай турганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0