Министрлик: өлкөдөгү медиктер милдеттүү түрдө эмделмей болду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер COVID-19га каршы вакцинасы менен. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19га каршы вакцинасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Буйрукка ылайык, саламаттык сактоо тармагындагы административдик жана чарбалык персоналдын баары вакцина алууга милдеттендирилди.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги бардык медиктерге жана медициналык мекемелердин башка жумушчуларын милдеттүү түрдө коронавируска каршы вакцина алуу буйругун чыгарды. Бул туурасында министрликтин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.
Социалдык тармактарда министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган буйрукка 29-июнда кол койгону туурасында сүрөт жарыяланды.
Юристтин айтымында, тиешелүү буйрук Эмгек кодексине дал келет жана ал кызматкерлерди коргоого багытталган.
"Башка бейтаптарга жардам бериш үчүн дарыгер өзү корголгон болушу керек. Министрлик жумуш берүүчү катары коопсуздукту камсыздоого тийиш. Мындай практика Россия, Казакстан жана Европа өлкөлөрүндө колдонулат", — деди Жумакеев.
Ошондой эле ал санитар, чарбалык тейлөө персоналы, бухгалтер сыяктуу саламаттык сактоо органынын бардык кызматкерлерине вакцина алуу милдети коюлганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0