21:02 05 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Коом
Кыскача шилтеме алуу
67 0 0

Сыдыгалиев айдоочулардын автоунааны мас абалында башкарган учурун азайтуу үчүн Кайгуул кызматынын иштөө ыкмасын өзгөртүү керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл автоунааны мас абалында башкарган учурлардын саны 40 пайызга өстү. Бул тууралуу ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыгы көп катталууда. Аны кантип өзгөртсө болот?" аттуу тегерек столдо билдирди.

Заместитель начальника Управления дорожно-патрульной службы и правоприменительной практики Главного управления обеспечения безопасности дорожного движения МВД Манас Сыдыгалиев в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев
"Ушул жылдын беш айында автоунааны ичип алып айдап кармалган айдоочуларга 4 566 административдик протокол түзүлгөн. 2020-жылдын ушул эле аралыгында 3 254 учур катталган. Мас болуп унаа айдагандардын саны бир жылда 40 пайызга өстү", — деди Сыдыгалиев.

Анын айтымында, бул Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызмат өтөө ыкмасынын өзгөрүшү менен байланыштуу.

"Кайгуулчулар кызматты же жөө аткарышат, же автоунаа менен жүрүшөт. Мурда инспектор шектүү айдоочуну байкап калса аны токтотуп, текшергенге укуктуу болчу. Азыр кайгуул кылуу ыкмасы гана колдонулат. Биз азыр бул маселе боюнча иштеп жатабыз. Балким кызмат өтөө ыкмасын өзгөртөбүз", — деди ал.

Буга чейин Сыдыгалиев Кыргызстанда быйыл жол кырсыктарынын жана андан каза болгондордун саны өскөнүн билдирген. Ошондой эле жол эрежесин көп учурда эркектер бузарын айткан.

Тема боюнча

Автокырсык болгон жерден качкандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталды
Жыл башынан берки беш айда жол кырсыгынан 233 адам көз жумду
Белгилер:
Жол кайгуул кызматы, ыкма, мас, айдоочу, тартип бузуулар

ЭҢ МААНИЛҮҮ