Шаршембиге карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарындагы "Ак ниет" аллеясында кишилер
Ош шаарындагы Ак ниет аллеясында кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
30-июнда түнкүсүн өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Шаршембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32…+37, Таласта +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +33…+38, Ысык-Көлдө +24…+29, Нарын чөлкөмүндө +25…+30 градус жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +35…+37, Ош шаарында +36…+38, Чолпон-Атада +26…+28 градуска чейин ысый турганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0