Министр Бейшеналиев коронавирустан сакайып, ишке чыкты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развитияСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Суворов окуу жайынын жетекчилиги менен коронавирус жуктурган бейтаптарды жаткыруу үчүн орун даярдоо тууралуу сүйлөшүү учурунда
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Суворов окуу жайынын жетекчилиги менен коронавирус жуктурган бейтаптарды жаткыруу үчүн орун даярдоо тууралуу сүйлөшүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Өткөн аптада министр коронавирус жуктуруп алганын айтып, кабинетинде уу коргошун менен дарыланып жатканын билдирген.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канаттандырарлык. Анын коронавируска тапшырган ПЦР-тести терс чыгып, жумушка киришти. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, өткөн аптада министр коронавирус жуктуруп алганын айтып, кабинетинде уу коргошун менен дарыланып жатканын билдирген.
"Министр жумушка чыгып, коронавирусту дарылай турган жаңы стационарларды ачуу маселеси боюнча иш алып барууда. Эртең менен Суворов окуу жайынын жетекчилиги менен коронавирус жуктурган бейтаптарды жаткыруу үчүн орун даярдоо тууралуу сүйлөштү. Улуттук госпиталдан кошумча 120 орун, Суворов окуу жайынан 200 орун жана Курортология институтунан 200 орун даярдоо пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Бейшеналиев 2021-жылдын 29-мартында коронавируска каршы Sinoрharm вакцинасы менен эмделген.
Андан кийин апрелде ал коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып, аны кантип ичүү керектигин журналисттерге көрсөтүп да берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0