Дагы деле аз. Токтогулга чогулган суунун көлөмү 11 млрд. куб метрге жетти

© Sputnik / Жоомарт УраимовТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
"Электр станциялары" ишканасы суунун агып кириши аз экенин белгилеп, секундасына 590 куб метр топтолуп жатканын айтат.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күндө 11 миллиард 006 миллион куб метрге жетти. Бул туурасында "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.
Ал дагы деле суунун агып кириши аз экенин белгилеп, секундасына 590 куб метр топтолуп жатканын белгиледи. Былтыр ушул маалда 13 миллиард 426 миллион куб метр суу чогулуп калган эле. Азыр андан 2,4 миллиардга аз болууда.
"Азыркы мезгилде мөңгүлөрдүн эриши эң жогорку чегине жетип, суунун агымы көбөйүшү керек эле. Бирок Нарын дарыясынын баш жагында үч жылдан бери кышында кардын аз жааганы таасирин тийгизүүдө", — деди Айдаралиева.
Ошондой эле ал кыргызстандыктарды электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0