Москвадагы үйдү сатып, Кыргызстанда каттама жасай баштадым. Ишкер айымдын чыйыры

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Назира Маматкалыкова
Ишкер Назира Маматкалыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
Назира Маматкалыкова Кыргызстандан 90-жылдардын башында кетип, туура 20 жыл өткөн соң мекенге кайтып, баарын жаңыдан баштаган. Бул жолду басып өтүү ага оңой-олтоң болгон эмес, анткен менен өзү өкүнбөйт. Себеби дал мекенде өз көңүлүнө төп келген ишти түптөп алды.
Кайсы бир убакта биздин каарман ар бир тойдо эмнеге меймандарга каттама сунуларын, бул нандын эмне өзгөчөлүгү бар экенин түшүнө алчу эмес. Жылдар өткөндө каттамасын чет өлкөгө базарлык катары сатып алышарын ошондо өзү билсечи!..
— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.
— Ош облусунан болом, ошол жактан мектепти аяктагам. Орто билимди жетиштүү деп эсептеп, жогорулаткан эмесмин. 1990-жылдардын башында турмушка чыгып, жолдошум мени Москвага алып кетти. Россияда бала-чакалуу болдук, турмуш өз нугу менен өтүп жаткан.
Совет убагында аскердик заводдо иштедик, бизге батир беришкен. Бирок Союз ыдыраганда ишкананын иши да токтоп калды. Биз өз жолубузга түшүүгө аргасыз болдук, сегиз жылдай базарда соода кылдык, кийин мен кафеге ашпозчулукка өттүм. Ошол убакта далай багытта өзүбүздү сынап көрдүк, ал тургай тигүү цехин да ачтык... Ошентип билинбей 20 жыл өтүп кетти. Бир убакта кайтууга мезгил жеткенин түшүндүм.
— Эмнеге? 20 жыл деген оңой эмес убакыт. Бул мөөнөттө бөтөн жерге деле өз болуп калууга болот го.
Бухгалтер, ишкер Айжан Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2021
Ишкерлер эмнеден ката кетирет? Бишкектик бухгалтер агынан жарылганда
— Россияда жашап жүргөндө мекенге араң дегенде беш жылда бир келип жүрдүк. Чынын айтканда ошол тушта Кыргызстан мага ушунчалык ыраак сезилип, дегеле кайтпай тургандай туюлчу. Бирок апам бул дүйнөдөн өткөндө көп нерсе өзгөрдү. Куран окутуп келген киши болбоду, анткени Кыргызстанда мени тааныган деле киши жок эле. Ошондо эгер мен өлсөм, балдарыма да эч ким келбей койсочу деген санаа басты. Анан да балдарым өз тамырынан ыраак калышын каалаган жокмун.
Акыры мекенге болгон кусалык жеңип, "Кыргызстанды сагынып турсам кайтуума эмне жолтоо болуп жатат?" деп өзүмө суроо салдым. Ошентип Москвадагы батирди сатып, 2011-жылы мекенге учуп келдик. Москва эң сонун шаар экенине карабастан чечимиме бир да өкүнбөдүм. Досторум көп эле, бул жактагылардын баарын кошкондо да саны ал жактагыдай чыкпаса керек! Бирок мекен деген мекен экен, таза суу, таза аба, табигый азыктар. Тууган-урук, тамырыбыз дал ушул жакта.
Башында курортко келгендей ырахаттанып жүрдүк. Анан билек түрүп жумушка кириштик, өз ордубузду түптөп алууга мезгил келди. Кафе ачтык, жайгашкан жери да кыйла дурус эле. Ачыгы, ал убакта жергиликтүү рыноктун өзгөчөлүктөрүн, бишкектиктердин керектөөсүн анча түшүнчү эмесмин.
Ишибиз жакшы жүрүшүп жаткан, бирок кардарларга спирт ичимдиги да берилип, ошол нерсе мени кабатыр кыла берчү. Бир жыл өтпөй кафени жаап, жаңы иш ачууга аракет кылдым. Оюм оңунан чыкпады. Андан кийин чакан кондитердик ишкана ачууга аракет кылдым. Убарам текке кетип, банкрот болдук.
© Sputnik / Табылды КадырбековНазира Маматкалыкова: Россияда жашап жүргөндө мекенге араң дегенде беш жылда бир келип жүрдүк. Чынын айтканда ошол тушта Кыргызстан мага ушунчалык ыраак сезилип, дегеле кайтпай тургандай туюлчу.
Предпринимательница Назира Маматкалыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Назира Маматкалыкова: Россияда жашап жүргөндө мекенге араң дегенде беш жылда бир келип жүрдүк. Чынын айтканда ошол тушта Кыргызстан мага ушунчалык ыраак сезилип, дегеле кайтпай тургандай туюлчу.
— Каттама жасоого эмне түрткү болду?
— Баарынан кызыгы, мурда каттаманы жактырып жегеним деле болбоптур. Тойлордо дасторконго коюшчу, ооз тийчү эмес экенмин. Ишке киришкени бул азыкка көз карашым өзгөрдү, ого эле көп түрү бар экен десеңиз. Каалашыңча, ой чабытың жетишинче түрлөп жасай бересиң!
Каттама жасаганды мага Гүлчахра деген жакын курбум үйрөткөн. Арабыздан кеткенине бир топ жыл болуп калды. Элесине ыраазы болуп, күндө эскерем. Ал тургай балдар да көзү өткөн ата-энелерин мынчалык көп эстебесе керек. Ошондой адамдарды бул жарыкта кезиктиргениң кандай бакыт!
Ийгиликке карай жолдо ишиң оңунан чыкпай калган учурлар, банкрот жана башка толгон-токой кыйынчылыктарга тушугасың, бул ушунусу менен кызык тура. Меники деле ушундай болду.
Башында бир нече жыл каттама жасоонун өзгөчөлүктөрүн үйрөнүп, рецепттерди жакшыртуу менен алектендим. Карызга да белчемден баттым. Каттама жасайм, даамына ичим чыкпаса таратам. Кайра карыз алам. Жакшыраак чыкса жарымын сатам, калганын адамдар даамын татып көрсүн деп бекер таратам. Кээде тааныштардан бир кило ун, май же пияз сурап калган күндөрүм болгон...
Дагы жасап көрөм, көңүлүмө толбосо кайра таратам. Дагы башкаларынан карыз алам. Далай жолу кайталанды андай көрүнүш, анткен менен 500 жолу колуңдан келбесе, 501-ирет ишиң оңунан чыгарына ынанчумун.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Каттама Бишкек (@naziranynkattamasy)

— Эмнеге? Жакшы сатылган жокпу?
— Жок, саткандан дегеле кыйналган эмесмин. Мисалы, каттамам даамдуу чыкса, базарга барарым менен 8 мүнөт ичинде калбай калчу. Даамы өзүмө жакпаса саткым келчү эмес, балким аны деле баары бир сатып алышмактыр. Мени менен катар соода кылган кыз: "Эже, баарын сатып жиберсеңиз деле болот да, жарымын бекер карматкандан эмне пайда көрөсүз?" – деп сурай берчү.
Площадь Плебисцито в Неаполе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2020
Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек
Киреше эмес, ысым жарата билгеним маанилүү экенин, акча мага карай жолду өзү табарын айтар элем. Баштаган чыйырым ийгиликке алып келеби же жокпу, билбейм, баары бир бул жарыкта түбөлүк эмеспиз го, бирок жасаган ишим жүзүмдү кызартпаса болду дечүмүн. Ошентип 1,5-2 жыл пайда эмес, ысымыбыз үчүн гана мээнеттендик. Мезгил өткөн сайын аракетибиздин акыбети кайта баштады.
Ушул тапта Москвада кардарларым бар, улуттук ашканадан базарлык катары Америка, Түркия, Голландия, Франция, ал түгүл Сингапурга алып кетишет. Элге менин каттамам жагат, анткени аны абдан кылдаттык менен жасайм. Айтмакчы, качан гана жаңы нерселерди үйрөнө баштаганымда ишим өйдөгө өр алды, андайды азыр "трансформация" деп атап коюшат. Бул багытта жаштарга абдан суктанам, биздин кыздар, балдар улам жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулушат. Мен курактуулардын андайга мойну жар бербей, өздөрүн акылдуу санап, акчасын жана убактысынын көбүн текке кетиришет. Жаңы нерселерди үйрөнүү көп ресурстарды үнөмдөөгө жол ачат экен. Тилекке каршы, муну баары эле аңдай бербейт.
Азыр кыйла кирешелүү деңгээлге чыктык. Буга карантин да өбөлгө болду, ал бизди "шаар аралоого" аргасыз кылды. Болбосо "Дордойдо" эле сатып жүрө бермекпиз. Дал пандемия бизди алдыга жылууга, өз өндүрүмүбүздү Instagram аркылуу сатууга түрттү.
© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер айым: Ушул тапта Москвада кардарларым бар, улуттук ашканадан базарлык катары Америка, Түркия, Голландия, Франция, ал түгүл Сингапурга алып кетишет. Элге менин каттамам жагат, анткени аны абдан кылдаттык менен жасайм.
Предпринимательница Назира Маматкалыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ишкер айым: Ушул тапта Москвада кардарларым бар, улуттук ашканадан базарлык катары Америка, Түркия, Голландия, Франция, ал түгүл Сингапурга алып кетишет. Элге менин каттамам жагат, анткени аны абдан кылдаттык менен жасайм.
— Каттама Instagram дүйнөсүнө анчалык мүнөздүү эместей... Кантип элге таанытып алдыңыз?
— Башкысы — ишти туура жүргүзүү. Башында социалдык медиада товар сатуу эмне экенин, ыгын да таптакыр түшүнчү эмесмин. Курбумдун уулу мага Instagram пайдаланууну үйрөттү, баракчамды таанытууну колго алды. Жасалгасы кооз жана тамшандырып тургудай болсун деп тамак-аштарды тарткан сүрөтчү (фуд-фотограф) да жалдадык. Жыйынтыгы биз күткөндөн да жакшы болду, анчалык көп буюртма алабыз деп болжогон эмес элек!
Ошондо кардарлардын көп болушу да дайым эле жакшы көрүнүш эмес экенине көзүм жетти, себеби суроо-талаптын өсүшүнө даяр болуп жана аларды канааттандырууга мүмкүнчүлүк болушу абзел. Алгач ошондой татаал жагдайга кептелдик, бирок азыр ишти жөнгө салып алдык.
Афганистандан келген англис тили мугалими Зарифа Адиба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Кыргызстан жашоого ыңгайлуу өлкө. Афганистандык Зарифанын баяны
Менин иш принцибим жөнөкөй эле – чоң кесегин алганча кардын майда бүртүгүн алып, акырындап тоголоктоп отуруп чоңойткон оң. Көп жыгылдым жолумда, андыктан мындай аракеттин маңызын жакшы түшүнөм.
Азыр бизде жети-сегиз киши эмгектенет. Буюртмаларды Instagram аркылуу өзүм кабыл алам. Үстүртөн кароо, супсактыкты дегеле кыртышым сүйбөйт, ошондуктан кандай иш болсо да өзүм кошо аралашам. Мисалы, кардар дасторконго жетерлик нан-пандын көлөмүн элестете албай, үч кило боорсоктун ордуна 10 килограмм сурай бериши мүмкүн. Андайды сезсем, сатып алуучуга түшүндүрүп, көлөмдү азайтууга көндүрөм. Болбосо ашыкча сатып алып, көңүлү калып калышы толук ыктымал. Менин кардарларым андай сезимге кабылышын каалабайт элем!
Кээде жумуштан башым чыкпагандай туюлат, бирок кардарлардан ыраазычылык билдирүүлөрдү аларым менен жанагыдай ойлордун, чарчоонун изи да калбайт десеңиз.
— Эми эмнелерди пландап турасыз?
— Дал каттамага бүт күчүмдү жумшагым келет, себеби азырынча көздөгөнүмдүн бир гана пайызын ишке ашырдым. Ушул тапта каттаманын сегиз түрүн сунуштайбыз, бирок муну менен чектелгибиз жок.
Каттама-пицца сатып да көрдүк, бирок аны азырынча токтото турууну чечтик. Анткени буюртма көп болуп кетсе жетишпей калышыбыз мүмкүн. Андай учурга жакшылап камылга көрүүгө тийишпиз.
Анан да бизде миң сомдук VIP-каттама пайда болот. Тааныштарым "андай акчага ким сенден каттама сатып алсын" дешет, аларга "Лексустарды деле сатып алып жатышат го" дейм. Быйыл шаардын бир жерине каттама сатуучу жай ачкыбыз келет. Балким келерки жылы кафе иштетип калгыбыз бардыр.
Казакстан рыногуна чыгуу да планыбызда бар, анткени ал жактан да бизге буюртма көп түшөт. Айтмакчы, биз дүкөндөргө өз өндүрүмдөрүбүздү өткөрбөйбүз, анткени биздики кымбат азык. Аны дароо түшүнүп, дароо сатып алышпайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер айым: Казакстан рыногуна чыгуу да планыбызда бар, анткени ал жактан да бизге буюртма көп түшөт. Айтмакчы, биз дүкөндөргө өз өндүрүмдөрүбүздү өткөрбөйбүз, анткени биздики кымбат азык.
Предпринимательница Назира Маматкалыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ишкер айым: Казакстан рыногуна чыгуу да планыбызда бар, анткени ал жактан да бизге буюртма көп түшөт. Айтмакчы, биз дүкөндөргө өз өндүрүмдөрүбүздү өткөрбөйбүз, анткени биздики кымбат азык.
— Кымбаттыгы кардарларды качырбайбы?
— Жок, кардарлар сапат үчүн төлөөгө даяр. Башында эле мен кымбат азык чыгарууга басым жасагам. Адамдардын көп учурда убактысы жок, бирок каражаты бар. Маселен, ашканасын абдан жакшы ремонттоп, эми май менен булгагысы жок дейли. Эмнеге даяр азыкка буюртма берүүгө болбосун?
Бирок негизги кеп башкада: суроо-талап бар, анткени адамдар баары бир даамдуу тамак тартуулаган туюмдарга кабылып, чакан майрам кургусу келет. Каттама ошол сезимдерге чулгантат, ошондуктан, менимче, эч жаңылган жокмун.
Жаңылыктар түрмөгү
0