15:50 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Коом
Кыскача шилтеме алуу
160 0 0

Адистер он миң эркек кишинин ден соолугуна, жашоосуна канааттанып-канааттанбагандыгына 70 жыл байкоо жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Никеге турганына, үй-бүлөлүк жашоосуна ыраазы болбогон эркек кишилер эрте көз жумарын тастыктаган илимий жыйынтык чыкты. Бул туурасында Journal of Clinical Medicine журналы жазды.

Тель-Авив университетинин окумуштуулары көз жумган 10 миң эркек кишинин акыркы 30 жылдагы ден соолугуна изилдөө жүргүзгөн. Адистер бул кишилердин саламаттыгы, жашоосу, маанайы, үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды 1960-жылдардан баштап эле чогулта башташкан.

Илимий тажрыйбага алынгандардын бардыгы мамлекеттик кызматкерлер болгон. Адистер негизги көңүлдү инсультка жана эрте келген өлүмдөргө койгон.

Израилдик эркектердин ар бири никесине, үй-бүлөлүк жашоосуна канаттанганын же тескерисинче, нааразы экендигин өздөрү айтып, баа берип турушкан. Түгөйүнө нааразы болгондордун 69 пайызы берки топтогу, тагыраагы, жашоосуна ыраазы болгондорго караганда инсульттан көп каза табарын изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөн.

Үйлөнгөн аялы өзүнө жагып, бактылуумун деген эркектердин 19 пайызында нааразы болгондорго караганда ар кыл себептерден улам каза болуу ыктымалдыгы аз кездешкендиги айтылган.

Тема боюнча

Ала жипти көп аттаган эркекти сыртынан карап билсе болобу? Изилдөө
Белгилер:
Израиль, нике, инсульт, изилдөө

ЭҢ МААНИЛҮҮ